super.kg logo

MegaCom: Аптаптуу жайга жогорку ылдамдык менен

 

Көптөн күткөн жай мезгили да келди. Көгүлтүр көлдүн жагымдуу абасы, күн нуруна чагылыша алтын чабак туйлаган кумдуу жээк көздөн учуп турган чак. Албетте, эс алуу маалындагы эстен кеткис сезимдериңди жакындарың, досторуң менен бөлүшкүң келет. MegaCom абоненттери жакындары менен кадимкисиндей эле баарлашып, эс алуудан алган таасирлери менен бөлүшө алат.

Уюлдук оператор Ысык-Көлдүн күңгөй жана тескей тарабындагы базалык станцияларды жаңылап, айрым аймактарга жаңыларын орнотуу менен 4G түйүнүндө мобилдик интернеттин ылдамдыгын жогорулатып, байланыштын сапатын жакшыртууга басым жасады.

Эс алуу эмнеден башталат? Туура таптыңыз, эс алуу жолдон башталат! MegaCom абоненттери жолдо бара жаткан маалында, тактап айтканда, Балыкчы-Чолпон-Ата трассасында мега-түйүндүн абоненттери жакындары менен үзгүлтүксүз байланышта боло алышат. Бул максатта Сары-Камыш жана Чоң-Сары-Ой айылдарында базалык станциялар орнотулду.

Интернет-трафиктин жана чалуулардын көлөмү жогору болгон эл көп чогулган жерлер ар дайым компаниянын көңүл борборунда. Тест-драйвдардын жыйынтыгы көрсөткөндөй, LTE түйүнүндө маалымат алмашуунун ылдамдыгы Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол шаарларында жана Кош-Көл, Бает, Тамчы, Тору-Айгыр, Чок-Тал, Кара-Ой, Сары-Ой, Чоң-Сары-Ой, Бостери, Бактуу-Долоноту, Булан-Сөгөттү, Семеновка, Кажы-Сай, Жети-Өгүз, Кызыл-Суу айылдарында секундасына 75 Мегабитке чейин жетип, жогорку ылдамдыктагы технология бардыгы үчүн жеткиликтүү болуп калды.

3G түйүнүндө ылдамдык секундасына 42 Мегабитке чейин жеткендиги байкалып, көл аймагынын түндүгүн жана түштүк тарабындагы Бөкөнбаев айылынан тарта Каракол шаарына чейинки аймакта жайгашкан калктуу конуштарды өз ичине камтыйт.

Кумдуу жээктеги сүрөттөрүңүз жана видеороликтериңиз менен бөлүшүңүз! MegaCom компаниясынын техникалык адистери тарабынан байланыш сапатын жакшыртуу жумуштары байма-бай аткарылып турат. Сапаттуу байланыш, жогорку ылдамдыктагы интернет, көл кылаасынын бардык жеринде - көлдүн жээгинде жана эс алуу жайларынын аймактарында.

Ысык-Көлдөгү эстен кеткис эс алуу MegaCom менен!


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.07.2018. 00:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
384
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
17-11-2018 05:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Мегакомду колдойлу...
Мегаком биздин улуттук оператор...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117936;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: