Кытайдын чыгышындагы Фуцзянь жана Чжэцзян провинцияларындагы "Мария" тайфунуна байланыштуу 600 миң адам коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жергиликтүү бийлик катуу шамал жана жамгыр жааган аймактарга коопсуздук чараларын күчөтүүнү жарыялады. Азыркы тапта Фуцзянь провинциясында темир жол жана аба каттамы убактылуу токтотулган. Жергиликтүү маалымат булактары табигый кырсыктын кесепетинен 73 миллион доллар чыгым келтирилгенин жазып чыгышты.