Чүй облусунун Аламүдүн районунда 15 жаштагы өспүрүм көлмөгө чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 12-июль күнү болжол менен саат 16:06 чамасында Ленин айылындагы эс алуу борборунун жанында жайгашкан көлмөгө 2003-жылы туулган К.уулу.А. чөгүп кеткен. Издөө иштеринин натыйжасында саат 17:50 чамасында өспүрүмдүн жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.