super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты: "Айрымдар кийинки мэр Чүйдөн болушу керек дешүүдө, мен буга каршымын"

 

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев мэрлик кызматка талапкер ким болору тууралуу кабары жок экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-июлда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

"Мен ким талапкер боло турганын билбейм. Азыркы учурда мэр башка облустан эмес, Чүй облусунан болушу керек деген сөздөр айтылууда. Эгерде ушундай сөздөр айтыла берсе, аймактар арасындагы бөлүнүү болушу мүмкүн. Албетте, бул туура эмес. Кыргыз жараны болгондон кийин кайсы облустан болсо дагы мэрликке талапкерлигин койгонго укуктуу", - деди ал.

Мындан тышкары Мүзүралиев мэрлик кызматка талапкерлигин койбой турганын айтты. "Мэрлик кызматка талапкерлигимди койбойм. Азырынча бул кызматка барууга мен жашмын", - деди депутат.



Шаардык кеңештин депутаты: "Жаңы мэр чүйлүк болсун дегенге каршымын"

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114370;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: