Бишкек шаардык соту Мавлян Аскарбековго карата салынган айып пулду алып салды

Бүгүн, 13-июлда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы жарандык активист Мавлян Аскарбековго карата чыгарган Биринчи Май райондук сотунун чечимин жарым-жартылай өзгөртүп, 50 миң сомдук айып пулду алып салды. Бул тууралуу жарандык активист Адил Турдукулов SUPER.KG порталына билдирди.

"Сот чечимди жарым-жартылай өзгөрткөнүн түшүнө албай турам. Айып пулду жана чет жакка чыгуу чечимин алып салышты дагы, райондук соттун күнөөлүү деп тапкан чечимин калтырып койду. Буга Мавлян Аскарбеков каршы экенин айтып, Жогорку Сотко кайрыла турганын билдирди", - деди Турдукулов.

Мавлян Аскарбековго Башкы прокуратура 2017-жылы 16-январда учак кырсыгынан жабыркаган Дача-СУ жана Учкун-2 конуштарынын тургундары менен жолугушууда "бийликти басып алууга чакырган" деп айтыптап, Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (бийликти күч менен басып алууга үндөө) менен кылмыш ишин козгогон. Бул боюнча Биринчи Май райондук соту Мавлян Аскарбековго коюлган айып боюнча аны күнөөлүү деп таап, мамлекетке 50 миң сом төлөөгө милдеттендирген. Аскарбеков чечимге нааразы экенин айтып, шаардык сотко кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ermekbai
2018-07-13 15:42:20
Азаматсың.
-1
nazarKGZ
2018-07-13 15:46:26
ХХХХХХХХХХ Адаханды койуш керек
-1
admin_superstan
2018-07-13 15:57:24
nazarKGZ, провокация жараткан билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат! 5 күн БАНга!
0
erlan2196
2018-07-13 16:30:43
Мавлян провокатор. Мындай адамдын созун угуп кереги жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан