super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 16-ИЮЛЬ: "Туулган күнүмдө мени жарык дүйнөгө алып келген апама гүл берип, ыраазычылыгымды билдирдим" дейт 32 жашка толгон ырчы Дайыр Исмадияров

 

Бүгүн эстрада ырчысы Дайыр Исмадияров 32 жашка толду. Ал 1986-жылдын 16-июль күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Мырзаке айылында төрөлгөн. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда ыраазычылыгын билдирип, буларга токтолду: "Туулган күндү белгилөө түндө эле башталган. Досторум менен биргеликте кафеге барып футбол көрүп, саат жебеси 12ни какканда ошол жерден эле досторум куттуктап, маанайымды көтөрүштү. Ал эми бүгүн эртең менен мени жарык дүйнөгө алып келген апама белегимди берип куттуктап келдим. Апам азыркы учурда бир аз сыркоолоп ооруканада жаткандыктан ал жакка барып апамдын жана дарыгерлердин маанайын көтөрүп, аларга ыраазычылыгымды билдирип, сый тамак уюштуруп бердим. Ал эми туулган күнүмдү бүгүн кечинде жакын санаалаштарым менен биргеликте Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринен өткөрүүнү пландап жатам".

Ырчынын "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:

  • Тамактын дээрлик бардык түрүн, болгондо да абдан ширин кылып жасайм. Бул мактангандык эмес, бирок манты, оромо, лагман өңдүү тамактардын түйшүгү көп болгондуктан эринем. Бул жөндөмдүн калыптанышына үйдүн кичүүсү болгонум себеп болду. Бир туугандарым өз жолу менен кеткенден кийин апам экөөбүз калдык, кээде ал бир жакка чыкканда тамакты өзүм даярдап койчумун.

  • Жашоомдун эң татаал мезгили Екатеринбург шаарында өттү. Анда мен 9-классты аяктагам. Ал жакта кийим сатып иштечүмүн. Базардан ар кандай кийимдерди алып, Москвадан алысыраак шаарларга барып товарларды көчөгө жайып алып сатчумун. 3 күн иштейсиң, кайра келип товар аласың. Кайсы шаардын тургундарына эмне керек экенин билип калгам. Ошентип 3 жыл иштеп акча топтоп "Дордойдон" контейнер алып, Кытайдан товар ташып, жеке ишкерлик кылып баштагам. Бул тууралуу эч кимге айткан эмесмин, биринчи жолу силерге айтып жатам. Көп нерсени түшүнбөсөм дагы, акча кайдан, кантип келерин эрте эле түшүнгөм.

  • Атам каза болуп калган. Баары бир атаңды сагынат экенсиң, көп эстегим келбейт. Ал эми апама көп нерсе жага бербейт. Ошондуктан каражат берип турам, өзүнө жаккан нерсесин алат. Алтын, күмүш жана башка белектерди берип эле келем. Негизги чоң белек – менин амандыгым болсо керек.

  • Мен эмнени байкадым, жашым 30га келсе да шашып үйлөнүптүрмүн. Жанара экөөбүз болгону 5 ай сүйлөштүк. Бул бири-бирин таанууга аздык кылат экен. Кээде мен Жанараны таптакыр тааныбагандай сезилет. Ал дагы мен жөнүндө ошондой ойлойт. Үйлөнгөнүмө өкүнбөйм, бирок бири-бирибизди жакындан тааныгандан кийин үйлөнсөк болмок экен деп калдым. Мага жактыруу бат келет. Бирок аны мен сүйүү деп эсептебейм. Мисалы, бирөөнү жактырып калсам, бир апта жинди болом да, анан коё берем. Сүйүүнү үй-бүлөлүк бакыт деп билем. Апама, бир тууганыма, жубайыма, балама болгон сезим. Бул сезимдер эч качан эскирбейт.
    Сүйөм сени”, “Студенттик күндөр”, "Ананай", "Кара көз" жана башка чыгармалары менен элге белгилүү болгон ырчы КАУнун психология факультетин аяктаган.

Дайыр 2016-жылдын сентябрь айында Жанара аттуу бийкечке баш кошуп, бир уулдуу болгондон кийин жаш жубайлар ажырашып кетишкен.

16-июлга карата жылнаама.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(6)
16.07.2018. 14:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
167
Катталган:
05-05-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 21:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Уч-Коргон
+2
Дагы деле переходный возрастта журобу,тоок суйуулор менен,адамды билууго бир кун убакыт деле жетет,созунон эле билинет кандай экендиги
16.07.2018. 15:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
170
Катталган:
17-07-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 22:10
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дайырчик туулган күнүң менен эмкисиде шашпай үйлөн
16.07.2018. 18:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
160
Катталган:
05-11-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 21:53
Жынысы:
Белгисиз
+3
Gulnyr19,бул 40 ка чыкканда деле ой кокуй шашылыпмын, жалгыз телевизор коруп конуп калыпмын дейт. Бул жигит качан оз башы менен озу чечим чыгарып калганда уйлонуш керек.
16.07.2018. 20:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
659
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
23-09-2018 14:41
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gulnyr19,Эми кайда дагы шашпайт отуздан ашып кыркты карап калыптыр уже. Бирок очень неприятный тип,чыгарбай эле коюшса ушундайларды,туулган куну кайда от от кимге кызык????
16.07.2018. 18:45 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
01-06-2017
Соӊку аракети:
01-08-2018 14:07
Жынысы:
Белгисиз
+3
Экинчи ушуга окшогондорду жанылыка чыгарбагылачы СИ. Кобу эле билет экен ким экенин менда угуп алып аллергия болдум.
16.07.2018. 23:46 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
15-07-2018
Соӊку аракети:
12-09-2018 21:57
Жынысы:
Белгисиз
+2
Канткен мн ажырашса да аялын жамандабаган эркекти биринчи кордум шоу бизнестин окулдорунун арасынан, бул Дайыр. Ажырашып аялын же куйоосун жамандагандарды коруп, окуп эле жатабыз, но Дайыр жамандаган жок аялын, молодец, чыныгы эркек экенсин!!!Ушул сапатына баа бердим. Туулган Кун Кут болсун, омурун узун болсун, чыгармачылык ийгилик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114638;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: