Түркиянын Анталия шаарындагы зоопарктардын бириндеги кемчет (бобр) Трамп аталды. Мындай маалыматты түркиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Сазда жашоочу кемчетти АКШнын президентинин атынан атоо анын терисинин ачык сары түстө болушу менен байланышкан.
Трамп күнүнө 2 килограмм мөмө жана жашылча жемиш жеп, ошондой эле жаңгак кемиргенди жакшы көрөт.
"Кемирүүчүлөр түркүмүнө кирген бул жаныбарды зоопаркка жергиликтүү тургун алып барып берген", - деп жазылат маалыматта.
"Зоопаркка келгендер кемчеттин терисинин ачык сары түсү АКШнын президенти Дональд Трамптын чачынын түсүнө түспөлдөш экенин байкашкандан кийин зоопарк кызматкерлери аны ушундай атоону чечкен".
Гезитте маалымдалгандай, Трамп зоопаркта 8 айдан бери жашайт.