Жогорку Сот Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карайт

Жогорку Сот Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карайт. Бул тууралуу SUPER.KG`ге анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Токтакуновдун айтымында, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун баш коргоо чарасы 24-июль күнү саат 10:45те Жогорку Сотто каралат.

Эске салсак, 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт", - деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

29-май күнү Исаковго "коррупция" беренеси менен айып тагылган. 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.

Ал эми 13-июнда Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун иши боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nuri1
2018-07-14 16:19:30
Сапар Исаковдун эч куноосу жок. Соке Сапарга окшогон кучтуу конкуренттеринен кутулуу максатында гана жасалып жатат. Болбосо экоо бир эле журушчу. Сокеге эч ишенбейбиз. Жон гана Атамбайдын аркасы менен гана ажоолука отуруп алды. Болбосо Бабанов президент болмок.
-2
Rifle_I
2018-07-14 17:17:59
nuri1,музей, лиглас, ЖЭБ , жолдор
Кимдин күнөөсүн көрүп жатасыз ?
АША башчысы , булар куйруктары. АШАны кошуп камаш керек.
+4
uli1234
2018-07-14 17:34:49
Ашанын да кошуп камап кустуруш керек
+2
Tolkun555
2018-07-14 17:57:16
АШАнын себебинен дагы кобу камалат болуш керек.
+2
zhaku2017
2018-07-14 18:05:03
Жээнбековдун да жооп бере турган убактысы келет.
+5
Azat.97
2018-07-14 18:12:03
zhaku2017,Туура айтасыз.Сапарды камаш керек дейсинер азыркы премьер не кылып атат озу.
+4
zhaku2017
2018-07-14 18:18:08
Соке Таласка барып деле эч нерсе кылган жок. Элге акыл уйротуп эле кайра келди.
+6
talaa11
2018-07-14 19:35:56
Мамлекеттин казынасына 20мильион доллар токсун анан койо бергиле жегенин кустуруш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан