Өлкө аймагында 15-июлга караган түнү саат 2:22 чамасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга жетти. Анын очогу Молдо-Тоо кырка тоосунун этектеринде, Көк-Жар айылынан 19 километр түндүк-батышта, Миң-Куш шаарчасынан 20 километр түштүк-чыгышта, Ак-Булак айылынан 20 километр түштүк-чыгышта, Кош-Булак айылынан 22 километр түндүк-чыгышта, Кара-Кече айылынан 22 километр түштүк-батышта, Кадыралы айылынан 50 километр батышта, Нарын шаарынын түндүк-батышында, Бишкек шаарынан 10 километр түштүктө орун алды.