Көзү азиз акын Темирлан Ормуков экс-президент менен депутатка 50 миң сомду тыйындар менен төлөп берүүнү чечти

Көзү азиз акын Темирлан Ормуков экс-президент Алмазбек Атамбаев жана парламент депутаты Дастан Бекешевге 50 миң сомду тыйындар менен төлөп берүүнү чечти. Бул тууралуу Ормуков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазып чыкты.

Анын айтымында, ал учурда токтотулуп турган Биринчи Май райондук сотунун чечимин ишке ашырууда. "Бул 50 миң сом эмне болуп чыккан? Мен 2014-жылы Алмазбек Атамбаевдин "нарындыктар койсуңар, таластыктар эл эмес" деген видеосун көргөм. Өзүм нарындык болгондуктан "эмнеге биз кой болушубуз керек экен, биз кой болсок, анда өзүң чабансың да" деп ыр жазып койгом.

Кийин депутат Дастан Бекешев экөөбүз уруша кетип, ал Башкы прокуратурага арыз жазган. Ошентип Башкы прокуратура менин артымдан түшүп, үйүмдү камакка алып, акыры жалган фактылар менен эле кылмыш ишин козгоп коюп, аягында кылмышкер болуп чыктым. Андан кийин Бекешев сотко берип, жыйынтыгында Биринчи Май райондук соту, мындайча айтканда, "уяты жок сот" Мидин Жунушалиев менден 50 миң сом өндүрүү боюнча чечим чыгарган.

Учурда ал чечим токтоп турат. Бирок буга карабастан мен 50 миң сомду төлөп берейин деп чечтим. Себеби бул иш башталгандан бери жабырлануучу Бекешев болсо, ыр болсо Атамбаевге жазылган", - дейт ал.

Ошондой эле Темирлан Ормуков акча кайдан пайда болгонун түшүндүрдү. "Менин жүрөгүм ооруп ооруканага жатып калганда интернет колдонуучулар жана менин жактоочуларым Эсения Рамазанова, Назира Абдымомунова жана укук коргоочу Рита Карасартова атайын эсеп ачып, мага акча чогултуп беришкен. Мен бул акчага дары-дармек жана керектүүнүн баарын алып, артып калган акчаны 1 сомдук кылып майдалатып Атамбаевге берип коёюн дедим. Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин бул акчаны бир жагына жаратып алсын. Атамбаев менен Бекешев бул акчаны бөлүшүп алабы же чачып салышабы, алардын өзүнүн иши. Мен буларга 50 миң сомду ортосунан бөлүп берейин деп чечтим", - деп айтат Ормуков.

Эске салсак, акын Темирлан Ормуков өз ырлары менен бийликти сындап келген. Экс-президент Алмазбек Атамбаевди сындаган "Ажонун ооруп жүрөгү" аттуу ыры коомчулукта резонанс жараткан.

Мындан тышкары Ормуков Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевди мыйзамсыз иштерге айыптаган. Депутат милицияга арыз жазган соң айткандары жалган делип, Ормуковго карата жалган маалымат таратуу боюнча кылмыш иши козголгон. Бишкектин Октябрь райондук соту аны бир айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарганы кабарланган.

Кийин Темирлан Ормуков 29-мартта Ички иштер министрлиги тарабынан камакка алынганы жатканда, жактоочусу келер алдында ажатканага суранып чыгып, ошол жерден өзүнүн ичин лезвия менен кесип жиберген. Кийин кардиология бөлүмүнө жеткирилип, дарыланган. Ал мындай кадамга өзүн куугунтуктоого каршылык иретинде барганын билдирген. 5-апрелде тергөө иштери бүткөнгө чейин 2 ай убактылуу кармоочу жайда кармалат деп СИЗО-1ге камакка алынган.

Темирлан Ормуков экс-президент менен депутатка 50 миң сомду тыйындар менен төлөп берүүнү чечти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан