Ош облусунда "С" аталышындагы ишкана жалган маалымат берүү аркылуу салык төлөөнү жашырып келгени аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, салык төлөөдөн качкан ишкана тарабынан өлкө казынасына 2 миллион 336 миң 661 сом зыян келтирилген.
"Келип түшкөн маалыматтарды текшерүүгө алганда "С" аталышындагы ишкана 2017-жылдын 1-июлунан баштап 31-августуна чейин салык төлөбөй келген. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесинин (чарба жүргүзүүчү субъектилердин кызмат адамдарынын ири өлчөмдө салыктарды төлөөдөн четтеши) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жана төлөнбөгөн салыкты өндүрүп алуу чаралары көрүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.
Салык кодексине ылайык, ири өлчөмдө салык төлөөдөн качкан ишкана ээсине беш миңден он миңге чейинки өлчөмдөгү айып салынат же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Салык карызынын бүткүл суммасы, анын ичинде айыптар жана туумдар ыктыярдуу түрдө төлөнгөн учурда айыпталуучуга карата жазыктык куугунтуктоо жазык процессинин ар кандай стадиясында токтотулат.