super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Жээнбеков Таласта Айтматовдун, Усубалиевдин, Масалиевдин батасы менен президент болгонун айтты. Атамбаевдин чечими болбосо, Жээнбеков президент болуп шайланат беле?

 

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-июлда Талас облусуна иш сапары менен барган. Ал эл менен жолугушуу учурунда Чыңгыз Айтматов, Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев менен кезинде бирге иштегенин айтып, алардын батасы менен президент болгонун билдирген.

Президенттин бул пикиринен кийин SUPER.KG порталы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин чечими болбосо Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланат беле деген суроо салды.

МАДУМАРОВ: “Коомдук же саясий активдүүлүгүн көрсөтпөгөн кишиге кыргыздын чолпондой болгон аксакалдары бата берип калабы”

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров президенттин айткандарын четке кагып, аты аталган кишилерден Жээнбековдун бата алганына ишенбей турганын айтты.

Мен шайлоонун жыйынтыгы чыкканда эле "Жээнбековду эл шайлаган жок, аны Атамбаев шайлады" деп айткам. Ал эми бата боюнча айтсам, Жээнбеков Айтматовго, Усубалиевге, Масалиевге жакындай да алчу эмес. Коомдук же саясий активдүүлүгүн көрсөтпөгөн кишиге кыргыздын чолпондой болгон аксакалдары бата берип калабы?

Көзү өтүп кеткен кишилерге мага андай деген, мага тигиндей деген деп айта берүү туура эмес. Мен улуу кишилердин Жээнбековго бата бергенине күбө болгон 3-4 киши айтып чыкса, ошондо гана пикир айта алам. Андан көрө көзү тирүү кишилерди "мага мындай деп баа берген" деп айтсын”, - деди Мадумаров.

РЫСАЛИЕВ: “Сооронбай Жээнбеков тузу буйруп, президент болуп калды”

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев бир кишинин каалоосу менен кимдир-бирөөнү президент кылуу болбой турганын айтты. “Кыргызча айтканда, бардыгы туз насиптен болот. Бир кишинин каалоосу менен болбойт. Тузу буйруп Сооронбай Шарипович президент болуп калды. Ага чейин деле эл Өмүрбек Бабанов же башка бирөө президент болот деп айтып жатышкан. Бирок болгон жок”, - деди Рысалиев.

САРИЕВ: “Президент Жээнбековдун айткандары - саясий технология

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, президенттин айткандары саясий технологдор тарабынан иштелип чыккан. “Саясатта мифология деген түшүнүк бар. Кыргыз эли “Кут түшкөн", “бата тийген” деген мифологияга ишенет. Муну ошого таянып саясатчынын артындагы саясий технологдор айтып жаткандыр. Мен муну саясий технология катары эле көрүп жатам.

Акаев деле бай-манаптын тукумунанмын деп айткан, башка өлкөнүн президенттери деле ушундай деп айтат. Эл муну жакшы кабыл алат. Мисалы, Чыңгыз Айтматов Таластан эмеспи, андан бата алганын айтса, эл жакшы кабыл алат. Бирок Атамбаевдин аракети болбосо, Жээнбековдун президент болуп шайланары суроо туудурат. Муну баары эле билет”, - деген пикирин билдирди Марс Сариев.

МОМБЕКОВ: “Сооронбай Жээнбековдун президенттикке талапкер болушуна КСДПнын мүчөлөрүнүн жана башчысынын салымы чоң”

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун айтымында, Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин чечими менен президенттикке талапкер болуп катталган.

“Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин чечими менен президент болдубу, аны билбейт экенмин. Бирок Атамбаевдин макулдугу болгон. КСДПнын жыйынынын чечими менен ал талапкер болуп катталган. Ал кишинин президент болушуна партия мүчөлөрүнүн, башчысынын салымы чоң. Алмазбек Шаршеновичтин, анын партиялаштырынын, дегеле КСДПнын ар бир мүчөсү Сооронбай Шариповичтин талапкерлигин колдоп катуу иштеп беришти. Ошонун жыйынтыгында ал киши президенттикке өттү. Атамбаевдин макулдугу негизги ролду ойноду, анткени кандай болгон күндө дагы мындай маселе партиянын лидеринин чечимине көз каранды болот.

Баарыбызга белгилүү болгондой, Чыныбай Турсунбеков, Сапар Исаков, Иса Өмүркулов, Албек Ибраимов, Асылбек Жээнбеков президенттикке КСДПдан жалгыз талапкер катары чыгууну каалашкан. Бирок ошол кездеги рейтингдеги көрсөткүч негизги ролду ойноп, Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги партиянын ичинен алдыңкы болгон. Алмазбек Атамбаевдин чечими Сооронбай Жээнбеков талапкер болуп катталышына негизги себеп болду”, - дейт Момбеков.

МАСАЛИЕВ: "Жээнбековду Атамбаев сунуш кылды, эл шайлады"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Сооронбай Жээнбеков Айтматовдон, Усубалиевден, Масалиевден сабак алган деген пикирде.

"Жээнбеков ошол өзү атап өткөн кишилер менен 5 жыл чогуу депутат болуп иштегени чын. Менин пикиримде, ал ошол улуу кишилер менен бирге иштеп, ошолордон сабак алдым деген мааниде айтты окшойт. Ар бир жаш депутат үчүн улуу кишилер менен бирге иштеген сыймык. Анын президент болуп шайланышы боюнча айтсам, аны Атамбаев сунуш кылды, шайлаганын эл шайлады”, - деди Исхак Масалиев.

КАДЫРБЕКОВ: “Жээнбеков Атамбаевдин кыска ойлуулугунан жана ач көздүгүнөн президент болуп калды”

Саясат таануучу Даниэл Кадырбеков Сооронбай Жээнбековдун президент болуп шайланышына кайсы факторлор таасир эткенин айтып берди.

Былтыркы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков Айтматов, Усубалиев, Масалиевдин батасы менен эмес эле, экс-президент Атамбаевдин кыска ойлуулугунан, ач көздүгүнөн жана административдик ресурстун толук колдонулганы үчүн президент болуп калды. Атамбаев шайлоого чейин саясий атаандаштыкты жок кылып, гезиттердин бардыгын коркутуп, өзүнүн бийлигин сактап калууну көздөгөнү, өзүнүн мураскор марионеткасын (куурчак) өткөрөм деген кыска ою үчүн да Жээнбеков өлкө башчы болду. Бирөөнүн батасы менен өттү деп айтканга болбойт.

Демократиялык чыныгы таза шайлоодо президент элдин жардамы менен гана шайланышы керек. А бирок Жээнбековдун шайланышына 3-4 фактор таасир этти. Атамбаевдин шайлоо алдындагы саясий талааны тазалаганы, оппозицияны жок кылганы, массалык маалымат каражаттарын басмырлаганы, административдик ресурсту колдонгону, БУУнун сессиясында өзүнүн мураскоруна үгүттөгөнү күч менен зордоп Жээнбековду президенттикке алып келди”, - деди Кадырбеков.

КАРАМУШКИНА: “Жээнбековдун президент болушуна эң көп аракет жасаган адам Атамбаев болгон”

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина КСДПнын саясий кеңеши Сооронбай Жээнбековдун президенттикке талапкерлиги боюнча Алмазбек Атамбаевдин пикирин колдогонун эскертти.

Сооронбай Жээнбековдун Таластагы сөзү анын мамлекет башчылардын бири катары Төрөкул Айтматов, Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев баштаган иштерди улантып жатканын билдирет. Ар бир президент өлкөнүн өнүгүүсүнө өзүнүн салымын кошкон. Албетте, Бакиев жөнүндө минтип айта албайм.

Сооронбай Жээнбековдун президент болушуна эң көп аракет жасаган адам Атамбаев болгон. Жээнбековдун президенттикке талапкерлиги көп талкууланган. КСДПнын саясий кеңеши Атамбаевдин пикирин колдогон. Ал Жээнбеков көптөгөн реформаларды улантат жана коррупция менен күрөштү күчөтөт деп өткөргөн. Атамбаев өзүнүн колу жетпеген тармактарга Жээнбековдуку жетет деп ишенген.
Атамбаевдин чечими маанилүү болгон. Жээнбеков өлкөнү көтөрүп алат деген ишеним менен биз, депутаттар, Сапар Исаков, Албек Ибраимов чогуу ынтымакта иштедик”, - деди Карамушкина.


кошулду


Жээнбеков улуу кишилердин батасы менен президент болдубу?

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117864;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: