super.kg logo

Канат Исаевдин агасы: "Инимдин үй камагына чыкканын сүйүнүч менен кабыл алып жатабыз"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин үй камагына чыкканын анын агасы Талант Исаев сүйүнүч менен кабыл алып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-июлда SUPER.KG порталына билдирди.

"Иним жок дегенде үйдө болот. Анча-мынча сүйүнүч менен кабыл алып жатабыз. Азырынча эч нерсе бүтө элек, иши кайрадан тергөөгө жөнөтүлдү. Акыйкат каралып, акыйкат чечим чыгат деген үмүттөбүз", - деди Талант Исаев.

Бүгүн Канат Исаев үй камагына чыгарылды.

Эске салсак, Канат Исаевге Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 30-сентябрь күнү "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан кармалган. 5-июлда Биринчи Май райондук соту депутат Канат Исаевдин мурунку баш коргоо чарасын күчүндө калтырып, ишти кайра тергөөгө жөнөткөн.

Буга чейин Исаевге козголгон дагы бир кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендиктен 28-июнда токтотулган. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарган. Исаев 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
18.07.2018. 17:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
10-07-2017
Соӊку аракети:
05-09-2018 20:44
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анда Садыр Жапаровду да чыгарып койгула! Кандай Кудайдан коркпогон бийлик.
18.07.2018. 18:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
07-07-2012
Соӊку аракети:
25-09-2018 21:53
Жынысы:
Белгисиз
+3
Садыр Нуркожоевич жонундо жанылык жазгылачы андан коро
18.07.2018. 19:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
154
Катталган:
29-08-2017
Соӊку аракети:
02-08-2018 13:54
Жынысы:
Белгисиз
-1
Генерал майор......
18.07.2018. 20:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
502
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 20:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаевдин музу ээрий баштады эми саясий куугунтукта болгондун баары чыгып алсын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114713;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: