super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев: "Сооронбай Жээнбеков тузу буйруп президент болуп калды"

 

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-июлда Талас облусуна иш сапары менен барган. Ал эл менен жолугушуу учурунда Чыңгыз Айтматов, Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев менен кезинде бирге иштегенин айтып, алардын батасы менен президент болгонун билдирген. SUPER.KG порталынын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин чечими болбосо Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланат беле деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев жооп берди.

Ал бир кишинин каалоосу менен кимдир-бирөөнү президент кылуу болбой турганын айтты. “Кыргызча айтканда, бардыгы туз насиптен болот. Бир кишинин каалоосу менен болбойт. Тузу буйруп Сооронбай Шарипович президент болуп калды. Ага чейин деле эл Өмүрбек Бабанов же башка бирөө президент болот деп айтып жатышкан. Бирок болгон жок”, - деди Рысалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Ирина Карамушкина, Исхак Масалиев, саясатчы Адахан Мадумаров, саясат таануучулар Марс Сариев, Даниэл Кадырбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду


Жээнбеков улуу кишилердин батасы менен президент болдубу?

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114449;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: