super.kg logo
  Саясат  

Саясат таануучу Марс Сариев: “Таласта Сооронбай Жээнбековдун айткандары - саясий технология”

 

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-июлда Талас облусуна иш сапары менен барган. Ал эл менен жолугушуу учурунда Чыңгыз Айтматов, Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев менен кезинде бирге иштегенин айтып, алардын батасы менен президент болгонун билдирген.

Президенттин бул пикиринен кийин SUPER.KG порталы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин чечими болбосо Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланат беле деген суроосуна Саясат таануучу Марс Сариев төмөнкүдөй жооп берди.

Президенттин айткандары саясий технологдор тарабынан иштелип чыккан. Саясатта мифология деген түшүнүк бар. Кыргыз эли “Кут түшкөн", “бата тийген” деген мифологияга ишенет. Муну ошого таянып саясатчынын артындагы саясий технологдор айтып жаткандыр. Мен муну саясий технология катары эле көрүп жатам.

Акаев деле бай-манаптын тукумунанмын деп айткан, башка өлкөнүн президенттери деле ушундай деп айтат. Эл муну жакшы кабыл алат. Мисалы, Чыңгыз Айтматов Таластан эмеспи, андан бата алганын айтса, эл жакшы кабыл алат. Бирок Атамбаевдин аракети болбосо, Жээнбековдун президент болуп шайланары суроо туудурат. Муну баары эле билет”, - деген пикирин билдирди Марс Сариев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Зарылбек Рысалиев, Рыскелди Момбеков, Ирина Карамушкина, саясатчы Адахан Мадумаров, саясат таануучу Даниэл Кадырбековдун пикри төмөнкү шилтемеде.


кошулду


Жээнбеков улуу кишилердин батасы менен президент болдубу?

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114548;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: