super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Унутулган "Шералынын чокою" же Жээнбековдун жаңы "жомогу"

 

Бүгүн, 18-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бүгүн Оштун мэри болуп Таалайбек Сарыбашов атаандашсыз шайланды. Буга чейин 2014-жылы өлкөнүн экинчи борборун башкаруу үчүн добуш берүү процесси Мелис Мырзакматов жана Айтмамат Кадырбаевдин ортосундагы айыгышкан күрөшү менен эсте калса, кийин 2016-жылдагы шайлоо Айтмамат Кадырбаев менен Алишер Мойдуновдун атаандаштыгында өткөн эле. Бул жолку мэрди шайлоодо талапкер жалгыз эле болуп, добуш берүү башка альтернативасы жок өттү. Ошондон уламбы, Ош шаардык кеңешинин депутаттары жыйында тартылган сүрөттөрүнөн алардын уйкусурап отурганы сынга кабылды. Айрым эл өкүлдөрүнүн уйкусурап отурганы аз келгенсип, Сарыбашовду эч кандай суроо-талаптарсыз угуп, шайлап коюшканы шаардык кеңештин өлкөнүн экинчи борбору болгон, маселе-көйгөйү көп калаасына кайдыгерлигин көрсөттү.

Ошко жаңы шаар башчы болуп келген адам жалпы өлкөнүн масштабында алганда көпчүлүккө таанымал эмес. Аны эл өмүр таржымалындагы айрым учурлары жана капысынан бир чууга кабылып калганы менен билет. Мындан 2 жыл мурда аткаминерлердин бай-манап сымал жардамчысына кол чатыр карматкандардын арасында Сарыбашов да болгон. Өмүр таржымалына келсек, Таалайбек Сарыбашов Сооронбай Жээнбековдун ордуна өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалган. Ал бул кызматта турган соңку 3 жылда кайсы бир иши менен деле эл оозуна алынган эмес. Бүгүнкү шайлоодон кийин бул кызмат орду бош калат. Андан тышкары айрым ЖМКлар Сарыбашовдун Оштогу технологиялык колледжди аяктаганы боюнча диплому табылбай жатканын жазышкан. Бул боюнча өзү журналисттерге "дипломду жоготуп алгам" деп жооп берген. Ал эми Ош мамлекеттик юридикалык институтунун дипломун 9 жылда алганы да сөз болгон. Бул дипломдун көчүрмөсүн жогорудагы жоготууга байланыштуу элге көрсөтүүгө аргасыз кылган.

Жаңы мэр үчүн Мелис Мырзакматов койгон планкадан ашып өтүү оңой болбойт. Бишкектен кийинки эле ири шаар болгон Ош 1990, 2010-жылдагы кайгысынан айыга элек, баңги соода, контрабанда жана башка кылмыштуу каналдардын жолундагы калаа, көп улуттуу, көп көйгөйлүү. Ушундай маселелерди чечүү жоопкерчилиги артылган жооптуу кызматтагы адамды шайлоого келгенде шаардык кеңеш менен бийлик тандоо, атаандаштык принциптерин бузду...

Сооронбай Жээнбеков өзүнүн президент болуп калышы - Атамбаевдин салымы экенин тангысы келгенин алгачкы ирет эл алдында кыйытып айтты. 12-июлда Таласка барган бир күндүк иш сапарында мамлекет башчы эл менен жолугушуп, 1995-жылды эстеп, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келгенде жазуучу Чыңгыз Айматовдун кабинети ага тийгенин айтып берди. Чыңгыз Төрөкуловичтин батасы тийип, Усубалиев, Масалиев менен чогуу жүрүп, алардын батасы тийип, мына ушундайга жеттим деп дайыма ой жүгүртөм” деди Жээнбеков. Ошентип Жээнбеков бүгүнкү президенттик даражасын соңку эки жылдагы Атамбаевдин аракетинен эмес, өзүнөн башка эч кимге маалым болбогон 23 жыл мурдагы батадан деп түшүндүрдү.

2017-жылы президенттик шайлоонун алдында саясат айдыңы менен маалымат айдыңы катаал "тазалоого" дуушар болду. Дубанда губернаторлукта жүргөн жеринен саясаттын ордосу болгон борборго, өкмөт башчылыкка алып келинип, Сооронбай Жээнбеков мына ушундай ыңгайлуу шартта күчтүү оппоненттерден тазаланган талаага президенттик жарышка чыккан. Ошентсе да өзүнө салыштырмалуу салмактуу, ошондой эле парламентте фракциясы, колдогон бир дубан эли бар Өмүрбек Бабановду ашып өтүү керек болчу. Ал атаандаштын таасирин азайтуу үчүн Алмазбек Атамбаев Бириккен улуттар уюмунун трибунасынан бери колдонуп, өлкөнүн жети дубанын түрө кыдырып Сооронбай Жээнбековго жан тартканын жашырган жок. Бабановду Назарбаевдин шестёркасы атап, элге “муну тандасаңар эртең өлкөнүн кызыкчылыгын сатып жиберет” деген ишаратын байма-бай берип жүрдү. Атамбаевдин Бабановго каршы үгүтү шайлоо күнү Бишкектеги шайлоо тилкесинен да жаңырды. Өлкө башчысынын мындай эмоциялуу сөздөрүнөн "административдик ресурс" кимди шайлаш керек экенин жазбай түшүнгөнүнөн шек жок. Бул окуялардын баары шуруга тизгендей элдин эсинде.

Президенттик шайлоого 11 күн калганда, 4-октябрда Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусу жарыяланып, анда социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөтүлгөн. Анда 2017-жылдын апрель айында Сооронбай Жээнбековду сурамжылоого катышкандардын 3 пайызы гана колдогону белгиленген.

Тарыхты кайталанма табиятка ээ дешет. Айрыкча өлкөнүн саясий оош-кыйышын жазуучу Төлөгөн Касымбековдун “Сынгач кылыч” романында жазылган окуяларга салыштыруу көп болот. Нүзүп бий Таласта жылкы кайтарып жүргөн жеринен Шералыны алып келип, ак кийизге салдырып хан көтөргөнү маалым. Романда 19-кылымдагы кыргыздын тарыхы баяндалганына карабай, бүгүнкү күндө деле бийлик табиятында чоң өзгөрүүлөр болгон жок. Албетте, Атамбаев-Жээнбеков тандеминде жылкычылык деңгээлден өстүрүү болгон жок. Сооронбай Жээнбеков эгемендүүлүк жылдарында саясаттагы өз алдынча фигура катары калыптанып калган эле. Ошентсе да, 2010-жылдан тартып Алмазбек Атамбаев аны алгач эң чоң облуска губернатор катары коюп, андан өкмөт башчылыкка чейин өстүрдү. Партия ичинде жалгыз талапкер болуп чыккысы келгендер бир нече экенине карабай КСДПдан президенттикке жалгыз талапкер катары чыгуусуна жол салды.

Кокон хандыгынын тушунда Нүзүп бийдин кудуреттүү колу менен тактыга келген Шералы хан эки жылга жетпей дубалга илинген “чокойду” үзө чаптырып, аны менен Нүзүп аталыктын таасиринен чыгып, бийликти биротоло колго алганы белгилүү. Кезегинде Атамбаев деле "Роза апчемдин сунушу менен президенттикке баратам" дегени менен, бийлик колго тийгенден кийин ошол бийликти алып берген санаалаштарын садага чапты. Эми минтип "карыздан кутулуу" кезеги учурдагы президентке да жеткен сыяктуу. Албетте, Жээнбековдо мындай айлампаны бузуп чыгып, чыныгы эл уулу, журт атасы болуу мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде тарыхтан туура сабак алса...


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 9 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114548;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: