Астротөлгө: 21-июлда төрөлгөндөр кыйынчылыктын артынан ийгилик жарата алабы?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

21-июлда ийгиликсиз адамдар төрөлөт. Бул күнү төрөлгөн адамдар канчалык сабырдуу болсо да ар дайым жашоосу алай-дүлөй ийгиликсиз боло берет. Бул көзгө көрүнбөгөн күч ар дайым аларды коштоп жүрөт.

Бул күнү төрөлгөндөр жеке мамиледе камкор, сезимтал, түшүнүктүү өнөктөш боло алат. Жакын адамдары үчүн мыкты болууну каалайт. Бирок булар махабат үчүн досторун эч качан таштабайт. Эгер сүйүктүүсү менен болгон мамиле солгундай баштаса, мамилени ошол жерден токтотуп коюшат.

Бул күнү жарыкка келгендер жумуш тандоодо туура чечим кабыл алуусу зарыл. Алар башынан оор кырдаал өткөндө гана жакшы жетишкендиктерге жетишерин сезишет. Ошондуктан булар сот тармагында же элчилик кызматтарга иштесе ийгилик жарата алышат. Мындан тышкары булар поэтиканын тилин абдан жакшы түшүнүшөт, ошондуктан булардан мыкты жазуучу, коомдук ишмер, оратор чыгат десек да жаңылышпайбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан