III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ойнотула турган медалдарга 1 миллион 200 миң сом коротулат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жеңүүчүлөр үчүн 594 медаль сатып алынат. Биринчи даражадагы "III World Nomad Games" спорттук медалы колодон жасалып, үстүнө алтын жалатылып жана тунук, түстүү эмаль менен капталышы керек. Медаль 12 бурчтуу жылдыз формасында болот. Түндүктүн асты жагында Кыргыз жеринин картасы түшүрүлөт.
Ал эми 2-3 даражадагы "III World Nomad Games" медалдары сыртына күмүш жалатылып, түстүү эмаль менен капталышы керек. Мындан сырткары жыгач кутучадагы 104 эстелик медалы жасалат.