super.kg logo

Кылмышкерге берилген паспорт. Каттоо кызматы орусиялык кримтөбөлгө Кыргыз паспорту кантип берилип кеткенин түшүндүрдү

 

Ушул жылдын январь айында Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн Борис Матузный аттуу Орус жараны Испаниядан колго түшүрүлүп, жанынан Кыргыз жаранына таандык паспорт табылган. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, ага паспорт 2016-2017-жылдары жасалма ат менен Сузак районунун калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнөн берилгени аныкталган.

Мамлекеттик каттоо кызматы ИИМдин тараткан маалыматына жооп кайтарды. Аталган мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун SUPER.KG'ге 20-июлда билдиришинче, Борис Матузныйга Кыргыз паспорту алгач ИИМ тарабынан берилген.

"1994-жылкы үлгүдөгү паспорт бар. Ошол паспортту тез арада жасап алууга эң оңой болгон. Орусиялык жаран башка эле Кыргыз жаранынын паспортунун маалыматтарынын негизинде 2003-жылы ИИМден паспорт алган. Себеби паспорт даярдоо Мамлекеттик каттоо кызматына 2012-жылы гана өткөрүлүп берилсе, ага чейин ИИМ тарабынан берилчү. Орусиялык жаран ошол эски үлгүдөгү паспорттун негизинде Сузак районундагы кызматкерлер менен сүйлөшүп, 2016-жылы жаңы паспорт алган. Күнөө эки тарапта тең бар. Эски паспорт болбосо, биздикилер жаңысын бермек эмес. Биз кызматтык иликтөө жүргүздүк. Ал жерде биздин кызматкердин да күнөөсү анык болуп жатат. Анткени кызматкер паспорт жасалма аттын негизинде берилип жатканын алдын ала билип туруп, жасап берип койгон. Ал дагы жазага тартылышы керек.

Азыр андайга жол жок. Мурда түрмөдө жаткан кылмышкер болосуңбу, качып жүргөн кылмышкер болосуңбу паспортту өзүң барбай туруп эле телефон чалып же башка адамдар аркылуу алып алсаң болот эле. Себеби маалыматтар кол жазма аркылуу толтурулчу. Ошондуктан 1994-жылкы үлгүдөгү паспорт өлкөнүн беделине залакасын тийгизди. Азыр паспорт алуу үчүн калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмдөрүнө өзүң келбесең, паспорт ала албайсың", - деди Эржигитов.

ИИМ паспорт берүү боюнча алынган материалдардын негизинде аталган факт боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш ишинин алкагында Сузак районунун калкты каттоо жана паспорттоштуруу (паспорт менен камсыздоо) бөлүмүнүн мурдагы башчысы И.Б. жана Сузак районунун жарандын абалдык актыларын каттоо (ЗАГС) бөлүмүнүн кызматкери Ж.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда ИИМдин тергөө бөлүмү иликтөө иштерин жүргүзүүдө.


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
20.07.2018. 20:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
09-04-2014
Соӊку аракети:
21-09-2018 13:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жолдошумдун айылы.
+15
Уяты жоктор,кытайлар өздөру келип эле алып жатышат го!!!
Көбүрөөк акчага сатып жатасыңар да бетме бет сүйлөшүп.
Жакшы жагыбыз менен таанылбай эле,жалаң ууру кескилер менен таанышып кала турган болду дүйнө эли бизди.
20.07.2018. 20:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
192
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 16:41
Жынысы:
Белгисиз
+14
Куноолулор Албектин жанынан орун алсын.
20.07.2018. 22:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
352
Катталган:
22-02-2009
Соӊку аракети:
21-09-2018 12:54
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кайдагыны суйлойт го. Озбектер тажиктер ID карта которуп журушот го. Ал 94 жылкы УлГУ эмес ко
21.07.2018. 00:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
04-05-2013
Соӊку аракети:
21-09-2018 00:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Мен туулган жер!
+4
Озу ишенет бекен берген жообуна?
22.07.2018. 18:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
842
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 13:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайлар оптом пачкалап алып жатышат го паспортторду ?
23.07.2018. 14:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
16-12-2010
Соӊку аракети:
21-09-2018 18:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнүн жарандары Москвада метродон эле кыргыз паспорт, вод. права акчага жасатып жатышат ко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114449;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: