"Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаев бүгүн, 22-июлда каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Уланбек Эгизбаев саат 14:00 чамасында Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен.
Уланбек Эгизбаев 1990-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Көк-Жар айылында туулган.
2013-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.
2015-жылы Бишкек Гуманитардык университетинин Саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган.
2016-жылы дүйнөлүк Интернет-Оскар сыйлыгын алган.
2018-жылы публицист жана жазуучу Кален Сыдыкованын “Алтын калем” сыйлыгына татыктуу болгон.
"Азаттык" радиосунун Бишкектеги кабарчысы, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасы үчүн бир катар иликтөөлөрдү жасап келген.
Белгилей кетүүчү жагдай, Уланбек Эгизбаев бир нече күн мурда социалдык тармактагы баракчасына белгисиз адамдардан анын атына 2 бош конверт келгенин жазган. Буга байланыштуу ал билдирүүнү улай бош конверттер ууландырылган болушу ыктымал же эскертүү, коркутуу иретинде жөнөтүлгөн болушу мүмкүн деген комментарийлер жазылган.
SUPER.KG порталынын эмгек жааматы Уланбек Эгизбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.