Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясы 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган стратегиялык келишимдин мөөнөтүн узартууга макулдашты. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, макулдашуу ушул жылдын 16-июлунда болуп өткөн.
"Курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана инвестицияларды алдыга жылдыруу боюнча стратегиялык макулдашуунун убактысы 2018-жылдын 23-июлунан 24-августка чейин узартылды. Компания белгилүү бир соттук териштирүүлɵрдү токтотууну жана жерди пайдалануу укугун талаптагыдай аткаруу жана стратегиялык макулдашуунун шарттарын аткарууну камсыз кылуу максатында Кыргыз өкмɵтү менен кызматташууну улантат", - деп жазылат билдирүүдө.
Айта кетсек, ушул жылдын 22-майында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Центерра Голд Инк" компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри менен жолугушкан. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган стратегиялык келишимге байланыштуу маселелерди талкуулашкан.