Мистер Поки аттуу кирпи интернет жылдызына айланды. Саякаттаганды жакшы көргөн кирпинин кожоюну дайыма аны өзү менен кошо ала жүрөт.
Кирпинин кожоюну Мистер Покини ар бир барган жеринен сүрөткө тартып Инстаграмдагы баракчасына жүктөйт. Учурда Мистер Покинин баракчасына 600 миңден ашуун адам жазылган. Көпчүлүк интернет колдонуучулар бир четинен кирпиге суктанышса, бир чети ичи күйүп жатканын жазышкан. Анткени Поки көптөгөн өлкөлөрдө жана кооз жерлерде болгон.
Мындан сырткары кирпинин күйөрмандары ал сүрөткө аябай жакшы түшөрүн баса белгилешкен.