Бишкек шаарынын 5-кичи районундагы кафелердин биринен чыккан өрт чектөөгө алынып, толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.
"Бүгүн, 24-июлда 5-кичи районундагы "Зимняя Бухта" кафесинен өрт чыккан. Өрт өчүрүүгө 2 топ тартылып, саат 08:39да чектөөгө алынган. Өрт толугу менен 09:18де өчүрүлдү", - деп билдирди маалымат кызматы.
Эске салсак, бүгүн, 24-июлда Бишкектеги кафелердин биринен өрт чыккан.