Кыргыз өлкөсүндө эл аралык террордук топтун мүчөсү кармалды

Кыргыз өлкөсүндө эл аралык террордук топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 19-июлда УКМКнын эл аралык террористтик уюмдардын иш-аракеттерине бөгөт коюу жана аныктоо боюнча өткөрүлгөн контртеррористтик иш-чаралардын алкагында Б.М. аттуу жаран кармалган. Колго түшкөн адам 2016-жылы Сириядагы куралдуу чыр-чатак орун алып жаткан аймакта согуштук иш-аракеттерге катышканы аныкталган.

"2017-жылы террордук уюмдун жетекчилеринин көрсөтмөсү менен Кыргыз Республикасына кирип келип, Сириядагы согушка катышкандардын арасынан террордук топ түзмөк. Андан соң ал колго жасалган жарылуучу түзүлүш жана ок атуучу курал аркылуу Кыргыз аймагында "куралдуу жихад" уюштурмак", - деп жазылат маалыматта.

Ага карата 226-берененин 4-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылыштарга же согуш аракеттерине катышуусу же террорчулук жана экстремисттик даярдыктан өтүшү) жана 299-берененин 1-бөлүгү (Улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга багытталган уюшкан иш-аракет) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sezim.A
2018-07-25 10:04:51
Козун корсотпогуло эл таанып калбасын
+3
Qwerty8800
2018-07-25 10:47:55
К у б
+2
tular
2018-07-26 00:39:48
Урматтуу Супер.кг, Айни/ Бакаев кочосундо дагы "Зам-Зам" деген ашкана бар ошол жердики да абдан даамдуу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан