super.kg logo

Телефонду каттоодон өткөрүү үчүн ар бир жаран 100 сом төлөйбү? Токтом долбоор боюнча түшүндүрмө

 

Маалымат жана технологиялык байланыш боюнча мамлекеттик комитети телефондорду каттоодон өткөрүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарганы коомдо кызуу талкууга жем таштады.

Себеби анда ар бир телефонду каттоодон өткөрүү үчүн 100 сом өлчөмүндөгү каражат төлөө керектиги айтылган. Айрым интернет колдонуучулары "Бул Бакиевдин учурундагы 60 тыйындын башка версиясы" деген ойлорун айтып жатышат.

Бүгүн, 24-июлда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев, орун басары Эшмамбет Аматов маалымат жыйынын өткөрүштү. SUPER.KG порталы коомдун кызыгуусун жараткан бир нече суроолорго жооп алууга аракеттенди.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев.Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин айтымында, бул долбоор өлкөгө телефондорду аткезчилик жол менен ташуунун алдын алат.

"Азыркы долбоор Бакиевдин учурундагы 60 тыйын сыяктуу версияга жакындашпайт"

- Бул "Бакиевдин учурундагы 60 тыйын сыяктуу нерсе" деген туура эмес, ал версияга эч кандай тиешеси жок. Бул долбоордун максаты - чек арадан өтүп жаткан телефондорду каттоодон өткөрүү. Ошондой эле аткезчилик жол менен өткөн, уурдалган телефондордун биздин өлкөгө кирүүсүнө бөгөт коёт.

Ар бир телефонду каттоо үчүн коюлган 100 сом өлчөмүндөгү баа Экономика министрлигинде катталган баа, төмөнкү көрсөткүчтөгү баа катары Жогорку Кеңеште бекитилген. Бул баа көтөрүлбөйт, тескерисинче, төмөндөшү мүмкүн. Бул каражат толугу менен казынага түшөт.

Аталган долбоор мамлекетке таандык болгондуктан бардык каттоо мекемелери мамлекетке таандык болот. Бардык телефондордун IMEI-коддору мамлекеттин карамагында сакталат. Башка байланыш компаниялары сим-карталарды каттоого ала берет. Ал эми телефондун IMEI-коддору мамлекетте болушу керек. Каттоо учурунда болгону IMEI-коддор алынат, жаран жөнүндө эч кандай маалыматтар алынбайт.

Телефондорду каттоону акысыз кылууга болбойт болчу, тейлөө иши, кызматкерлердин, адистердин айлык акысын төлөө керек.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов.Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов коом жаңылыш түшүнүп алгандыгын белгилеп, каттоонун жол-жоболорун айтып берди.

"Сырттан келген жаңы телефондор каттоодон өтпөсө, 2 айдан кийин өчүрүлөт"

- Өлкөгө кирген ар бир жаңы телефон бир эле IMEI-код менен катталат. Мыйзам кабыл алынып, эрежелер иштей баштагандан кийин азыр биз ар бирибиз колдонуп жүргөн телефон автоматтык түрдө каттоодон өзү өтөт. Биз эч жерге барбайбыз, эч кандай каражат төлөбөйбүз. 100 сом деген баа чек арадан өтүп жаткан, жаңы келген телефондорго коюлган. Бул баа 2016-жылы Жогорку Кеңеште мыйзам чегинде кабыл алынган, анын негизинде 100 сом өлчөмүндөгү бааны коюп жатабыз.

Телефонду каттоону сим-картаны каттаган байланыш кызматтарына өткөрүп берүүгө болбойт болчу. Сим-картанын коддон айырмасы бар, сим-картаны жарандар алмаштырат, жаңылайт. Ошол эле учурда телефонду жарандар жылда алмаштырып турушу толук мүмкүн. Ошол себептен эки башка тартипте кетет. Эң биринчи кезекте, учурда коомдо телефон уурдоолор көп болуп жатат, канча телефон аткезчилик жол менен келип жатканын билбейбиз. Сырттан телефондорду мыйзамсыз алып келгендер ойлонушу керек, эгер мыйзам иштегенден кийин мыйзамсыз телефон ташыгандар алып келген телефондор биздин аймакта иштебейт. Мыйзам кабыл алынып, күчүнө киргенден кийин сырттан келген телефон каттоодон өтпөсө, телефону 60 күндөн кийин өчүрүлөт. Ошол себептен ар бир телефон өлкөгө каттоо жолу менен келиши керек.

Алдоо жолу менен же мыйзамсыз жол менен алып келип сатууга жол берилбейт. Чек арадан ар бир телефон каттоодон өтүшү керек, каттоодон өтпөгөн телефонду бажы кызматкерлери өткөрүүгө акысы жок.

"Өлкөдө телефон колдонуп жүргөн ар бир жаран эч кандай акы төлөбөйт"

- Азыр бардык жарандар "ар бирибиз 100 сом төлөйт экенбиз" деп ойлоп жатат. Мен тактап коёюн, азыр өлкөдө телефон колдонуп жүргөн ар бир жаран эч кандай акы төлөбөйт. Бул 100 сом өлкөгө кирип келе жаткан жаңы телефондорго төлөнөт. Эгер бир адам ишкер болуп сырттан Кыргыз мамлекетине 1000 телефон алып келе жаткан болсо, ар бир телефонду ошол ишкер каттоодон өткөрүп, акчасын төлөйт, ал эми жөнөкөй жарандар каттоодон өтүп, өлкөдөгү дүкөндөргө чыккан телефондорду сатып алып гана колдоно беришет. Эл азыр "өкмөт элден дагы 100 сомдон чогултат турбайбы" деп ойлоп жатат, жок, андай эмес.

Бул долбоор коомдук талкуудан, мыйзамдуу баскычтардан өтүп, техникалык жабдууларды убагында алганга үлгүрүп калсак, 2019-жылдын 1-январынан тартып ишке кирет. 1-январда ишке кирбесе, 2019-жыл ичинде долбоор ишке ашат деген пландар бар.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(17)
24.07.2018. 22:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
03-04-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 11:09
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ошол 100сомду эки эсе кылып чыгарып алат ээси ансызда кымбат болушу керек....
25.07.2018. 09:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
361
Катталган:
05-08-2014
Соӊку аракети:
21-09-2018 17:41
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул норма иштесе телефон контрабандасы токтойт, ХХХХХХХХХХХХ. Колдош керек. 100 сомго караганда адам омуру кымбат турат
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-25 10:16:28
25.07.2018. 00:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
27-06-2017
Соӊку аракети:
30-11-2017 14:30
Жынысы:
Белгисиз
+12
Оңбогур жарыбагыр өкүмөт дагы каяктагы коруппциялык махинациялык бирөөнун чөнтөгүнө түшкөн ишти баштадыңар ар кыл суйлөп адамдардын башын айлантып
25.07.2018. 00:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
06-11-2008
Соӊку аракети:
21-09-2018 23:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-8
Туура эле, жаңы кирип жаткан товарларды көзөмөлгө албаса, бажы кызматкерлери ортодо пайда көрүп жатат да мамлекетке акча түшпөй жатат
25.07.2018. 00:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
25-03-2015
Соӊку аракети:
21-09-2018 21:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кара-балта.
+14
Жегендин жолдорун граммотно ойлоп таба берет экенсинерда. Эми ал үчүнда мамалекеттен миллиондор бөлүүшү кажет. Себеби:каттого өткөрү үчүнда ар кандай жабдыктар керектелет да. 1 миллион сомдук компютер алышпаса болду эми. Бир иш тыңыраак бүтпөйт. Кайдагыны ойлоп таба бересинер. Бир иш тыңыраак бүтсө экен.
25.07.2018. 00:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
02-01-2018
Соӊку аракети:
21-09-2018 23:50
Жынысы:
Белгисиз
+9
Доопарастар эми ушул калды
IMEi кодду каттоону башка жолдору толтура
Жон эле кочмондор оюнуна акча жетпей атат колунардан келишинче тыйын болсо да бергиле деп
Ак уйдун астына
Мерияларлын асытына кайырчыдай тургула беребиз....
Же болбосо чындыкты сайраган кече гана жерге коюлган инсан далилдеген
Табакташынардан сурагандан уялып...
Карапайым элди тономой оорунарга дары да алып беребиз...
Улуу урматтуу бай ХХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-25 10:18:44
25.07.2018. 09:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
14-02-2018
Соӊку аракети:
14-09-2018 19:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Каттоо үчүн акы төлөө болгону жаңы аппараттарды ташууга жана ошол аппараттарды ташуу менен алектенген ишкерлерге, компанияларга гана тиешелүү. Бул акы төлөө бир жолу гана төлөнөт. Бүгүнкү күндө мобилдик телефондорду колдонуп жаткан жарандар үчүн каттоо бекер болот. Башкача айтканда, имэй кодду каттоо, аны сырттан алып келген жактар аркылуу жүзөгө ашырылат. Ал эми ага сим-картаны салуу бекер болот. Баардык мобилдик аппараттар, планшеттер, модемдер иштейт. Аларды каттоонун кереги жок.
bekmirzach түзөттү 2018-07-25 09:22:51
25.07.2018. 10:46 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
31-03-2018
Соӊку аракети:
09-08-2018 19:33
Жынысы:
Белгисиз
+2
bekmirzach, укчу эй, бийликтин арыгын чаба бербей!!! Бул Окмот ким болуптур кааласа каалагандай жаны салык киргизе бере турган?!! Эл макул болуптурбу?!! Бийликтин ээси ким, элби же Окмотпу?!! Элдин макулдугу жок эле эмне Окмотун тыртандап жатат?!! Мамлекет imei коддорду билууго тийиш деп ким айтты?!! Бекердин бешин айтыптыр!!!

Булар болгону шпиондук кылуунун жаны жолун издеп жатат, ким кайда барганын, эмне суйлошконун андууну максат кылып... Анан акча ондурушу керек...
25.07.2018. 09:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
14-05-2012
Соӊку аракети:
12-09-2018 12:20
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен учурда Россияда жашап иштеп журом. Ар жылы барган сайын катоодон отуп турамбы озум колдонгон телефон учун? Бул Кыргызстанга эн керек закондордун бириби? Же жон гана элди тоноонун бир жолубу?
25.07.2018. 10:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
06-11-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 16:28
Жынысы:
Белгисиз
0
meilikan,Мен ойлойм бир жолу каттоодон отсонуз керек. Жыл сайын эмес туура эле мигранттар россиядан алган телефондорубузга Эми 100 сомдон толоп калат экенбизда
25.07.2018. 10:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
771
Катталган:
18-04-2014
Соӊку аракети:
21-09-2018 20:49
Жынысы:
Белгисиз
+3
Машинаны откордук телефонду откоролу дагын нени откоробуз
25.07.2018. 10:47 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
31-03-2018
Соӊку аракети:
09-08-2018 19:33
Жынысы:
Белгисиз
+2
talant87, ич кийиминди откор деп чыгышат эми.....
25.07.2018. 10:51 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
31-03-2018
Соӊку аракети:
09-08-2018 19:33
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бекер соз! Кереги жок!!! Биринчиден телефондорду каттоо элге керек эмес, каттатуу зарыл деп Окмот озу ойлоп таркан нерсе, каттатуунун эч кереги жок. 100 сомдун да кереги жок. Эгер 100 сомду элден албаса ишкерлерден алат дагы, бугун 8000 сом болгон телефон эртен 9000 сомдон сатыла баштайт. Б.а. акыры келип ишкер эмес, эл тологон болот баягы эле...

Бул элди тоноонун дагы бир жолу!!! Макул болбогула!!! Бийлик элди тоноп жатат!!!
25.07.2018. 10:53 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
31-03-2018
Соӊку аракети:
09-08-2018 19:33
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окмоттун шылтоосу контрабандалык телефондор имиш... Жонокой жарандар Кытайга бир телефон алуу учун бармак беле?!! 80 тонна, 100 тонна кылып контрабандалык телефондор ташылган, ал телефондорду Атамбаев менен Сокеден сура!!! Соке ошол убакта Окмотту жетектеп турган....
25.07.2018. 11:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
23-06-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 19:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+1
Мен 200 процент каршымын
25.07.2018. 15:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
31-01-2018
Соӊку аракети:
21-09-2018 21:24
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка ишинер калбадыбы же баардыгын кыйратып койдунарбы
25.07.2018. 17:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
13-04-2016
Соӊку аракети:
20-08-2018 17:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Ууф ууф ыйлагын келет просто
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114526;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: