Экономист Кубан Чороев: "Сууга болгон баа көтөрүлсө, жаңы конуштагылар кыйналат"

Өкмөт таза суунун тарифин жогорулатканы жатат. SUPER.KG порталынын "Элдин эң башкы байлыгын өкмөт элге кымбат сатышы керекпи?" деген соболуна экономист Кубан Чороев жооп берди.

Экономисттин Чороев суунун баасы көтөрүлсө, жаңы конуштарда жана жер үйдө жашаган тургундардын капчыгына эле зыян алып келет деген пикирде.

"Анткени алар көп кабаттуу үйдөгүлөргө караганда муздак сууну көп колдонушат. Жаңы конуштарда жана жер үйдө жашагандар үчүн короо жайды сугаруу системи жок. Алар ичип жаткан крандан короо жайдагы гүлдөрүн, жашылча жемиштерин сугарышат. Чынын айтканда, "суунун баасын жогорулатардан мурун эмне үчүн бааны көтөрүү керек" деген суроого так жооп болуусу абзел. Элден чогулган акча инфраструктураларды түзүү жана кайра калыбына келтирүү иштерине жетпей жаткан болсо, анда өкмөт аргасыздан ушул кадамга барып жатат. Тагыраак айтсам, бул "Бишкексууканал" башкармалыгынын көйгөйү. Анткени аталган ишкана өзүн жаңылоого чамасы жетпейт", - деди Чороев.

Жогорку Кеңештин депутаты Мухтарбек Айнакулов, Айнуру Алтыбаева, Таабалды Тиллаев, укук коргоочу Калича Өмүралиеванын пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан