Балыкчы шаарында көл жээгиндеги мушташтан улам 20 жаштагы бала бычактан жарадар болду

Балыкчы шаарында көл жээгинде 20 жаштагы бала бычакталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 22-июлда саат 18:40 чамасында катталган.

"1998-жылы туулган Р.А. аттуу жарандын бутуна жана ичине бычак сайылып, Балыкчы шаарындагы ооруканага жеткирилген. Ал эми ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерден из жашырган жаранды издөө боюнча иштерин жүргүзүп баштаган. Кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган Т.А. аттуу жаран бүгүн, 25-июлда кармалды. Анын берген алгачкы көрсөтмөсүндө 18-июлда жабырлануучу жаран түн ичинде анын үйү жагына барып, ортодо чыккан чырдан улам анын бутуна бычак сайган. Бирок ал медициналык жардам алып, эч кандай ооруканага жаткан эмес. Ошондой эле милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылбаганын, мындан улам 22-июлда көл жээгинде кайрадан уруш чыкканын айтып берген", - деп билдирет маалымат катчы.

Учурда бул окуя боюнча Балыкчы ШИИБи Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштери башталганын маалымат катчы кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
monster_high_98
2018-07-25 15:51:26
Опко жок да,
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан