super.kg logo
  Саясат  

Депутат Искандер Гайпкулов: "Максимдин 60 тыйыны" менен азыркы телефонду каттоодо алынган 100 сомдун айырмасы бар"

 

Маалымат жана технологиялык байланыш боюнча мамлекеттик комитети телефондорду каттоодон өткөрүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарганы коомдо кызуу талкууга алынды. Ар бир телефонду каттоодон өткөрүү үчүн 100 сом өлчөмүндөгү каражат төлөө керек. SUPER.KG порталынын "Максимдин 60 тыйынына чыдабаган эл Жээнбековдун 100 сомуна кандай мамиле кылат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Искандер Гайпкуловдун пикири.

Гайпкуловдун пикиринде, "Максимдин 60 тыйынына" окшобойт, ал пайда табуу үчүн болсо, азыркы долбоор мыйзамсыз иштерге бөгөт коюу максатында жасалууда.

"Максимдин 60 тыйыны" менен азыркы телефонду каттоодо алынган 100 сомдун айырмасы бар. Бул долбоор өлкөгө аткезчилик жол менен келген телефондорду алдын алуу болсо, анда бул туура долбоор. Учурда өлкөгө мыйзамсыз жол менен ташылып келген телефондор көп экени баарыбызга белгилүү. Максимдин 60 тыйыны ал таза пайда табуу үчүн болчу, ал жерде ар бир чалуудан каражат түшүп турчу. Азыркы долбоордо ар бир телефонго гана акы төлөнүүдө, каттатуу үчүн баары бир кызмат акысына төлөйбүз да, ал жерде иштеген кызматкерлер бар", - деди Гайпкулов.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов, экс-депутат Асия Сасыкбаева, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев, мурдагы премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Төралиева, юрист Улан Жумаков, Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин мурдагы директору Эсенкул Момункуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114526;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: