super.kg logo
  Саясат  

Мурдагы премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Төралиева: "Телефондорду каттоо боюнча токтом долбоор ишкерлердин капчыгына зыян алып келбеши керек"

 

Маалымат жана технологиялык байланыш боюнча мамлекеттик комитети телефондорду каттоодон өткөрүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарганы коомдо кызуу талкууга алынды. Ар бир телефонду каттоодон өткөрүү үчүн 100 сом өлчөмүндөгү каражат төлөө керек. SUPER.KG порталынын "Максимдин 60 тыйынына чыдабаган эл Жээнбековдун 100 сомуна кандай мамиле кылат?" деген соболуна мурдагы премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Төралиева жооп берди.

Ал бул долбоор талкууга чыккан соң көптөгөн адамдар каршы пикирин билдирип жатышат деген пикирде. "Эгер мамлекет телефондорду каттоого алуу аркылуу аткезчиликке бөгөт коюлат, бул коопсуздук үчүн аябай зарыл деп эсептесе анда каттоону акысыз жүргүзүшү керек. Болбосо эл бул нерсени колдоого албайт. Элдин да бийликке болгон ишеничи жоголот. Эгерде каттоону акылуу жүргүзүшсө анда эл эмне себептен акы төлөп жатканын билүүсү керек. Каттоодон түшкөн акча кайсы жакка жумшала турганын ачык айтып көрсөтүү керек. Бул жай тургундарга эмес, телефонду ташып келүү менен алектенген ишкерлерге тиешелүү. Бул долбоор ишкерлердин капчыгына зыян алып келбеши керек", - дейт Төралиева.

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Искандер Гайпкулов, Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов, экс-депутат Асия Сасыкбаева, саясий серепчи Алмазбек Акматов, юрист Улан Жумаков, Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин мурдагы директору Эсенкул Момункуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114713;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: