super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 26-ИЮЛЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров 52 жашка толду

 

Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров 1966-жылы 26-июлда Ош облусуна караштуу Алай районунун Ленин жолу айылында туулган. Ал 1989-жылы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. 2009-жылы Юридикалык академиянын юрист адистиги боюнча, 2009-жылы Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1989-жылы республикалык "Динамо" коомунда самбо күрөшү боюнча улук машыктыруучу болуп иштөө менен баштаган. 1991-1992-жылдары ички иштер органында кызмат өтөгөн.

1992-1994-жылдары Каракол шаардык жол курулуш башкармалыгынын материалдык-техникалык тейлөө кызматынын инженери;

1994-1998-жылдары "БН ЛТД" жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун коммерциялык иштери боюнча орун басары;

1998-1999-жылдары түндүк темир жол бажысынын инспектору;

1999-2001-жылдары түндүк темир жол бажысынын улук инспектору;

2001-2005-жылдары түндүк темир жол бажысынын башкы инспектору;

2005-2006-жылыдары Токмок бажысынын жетекчиси;

2006-2007-жылыдары түндүк темир жол бажысынын жетекчиси;

2007-2008-жылдары Бишкек бажысынын жетекчиси;

2008-2009-жылдары түндүк темир жол бажысынын жетекчиси;

2009-жылдын 30-декабрына чейин Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.

2009-2010-жылдары өкмөт алдында кайра түзүлгөн Мамлекеттик бажы кызматынын биринчи орун басары болуп дайындалган.

2013-2015-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп кайрадан дайындалган.

2015-жылы "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Спорттун дзюдо түрү боюнча чеберлер арасында Дүйнөнүн эки жолку чемпиону. Дзюдо жана самбо күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.

26-июлга карата жылнаама.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114277;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: