"Бишкек шаардык кеңештин төрагасы, фракция лидерлери кафеде жолукканы чын" дейт фракция лидери

Социалдык түйүндөрдө Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев жана фракция лидерлери кафеде жолукканы боюнча сүрөттөр жарыяланган. Анда мэрлик кызматка Азиз Суракматовду талапкер катары көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөр болгону божомолдонгон.

Шаардык кеңештин КСДП фракциясынын лидери Эрмек Усубалиев SUPER.KG порталына билдиргендей, кечээ, 25-июлда жолугушуу болгону чын. "Шаардык кеңештин төрагасы жана фракция лидерлери кафеде жолуктук. Ал жерде кеңешме өткөргөнбүз. Бирок Суракматов тууралуу сөз болгон эмес. Азырынча бир нерсе айтуу эрте", - дейт Усубалиев.

Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду кызматтан кетирүү токтомуна кол койгон.

Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Ибраимов УКМК тарабынан кармалган.

Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди шайлоону 8-августка белгилеген.

Буга чейин SUPER.KG порталы айрым булактарга таянып, мэрликке талапкерлиги көрсөтүлүшү мүмкүн болгон адамдарды тизмектеп чыккан. Алардын катарында Суракматовдун дагы аты бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан