super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаардык кеңештин оппозициядагы фракциясы "Республика-Ата Журт" мэрликке талапкер көрсөтпөйт

 

Бишкек шаардык кеңештин оппозициядагы фракциясы "Республика-Ата Журт" мэрликке талапкер көрсөтпөйт. Бул тууралуу 26-июлда SUPER.KG порталына аталган фракциядан депутат Канатбек Мүзүралиев билдирди.

26-июлда шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Азиз Суракматовду мэрлик кызматка көрсөттү.

25-июлда шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев жана фракция лидерлери кафеде жолукканы белгилүү болгон. Социалдык түйүндөрдө жолугушууда мэрлик кызматка Азиз Суракматовду талапкер катары көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөр болгону божомолдонгон.

Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду кызматтан кетирүү токтомуна кол койгон.

Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Ибраимов УКМК тарабынан кармалган.

Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди шайлоону 8-августка белгилеген.

Буга чейин SUPER.KG порталы айрым булактарга таянып, мэрликке талапкерлиги көрсөтүлүшү мүмкүн болгон адамдарды тизмектеп чыккан.

Мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкерди сунуштоо укугу шаардык кеңештеги фракцияларда, коалицияларда жана премьер-министрде бар.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114567;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: