III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы байге фонду 26 миллион сомдон жогору болот. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.
Маалыматка караганда, спорттун 37 түрүнүн жалпы байге фонду 26 миллион 615 миң сомду түздү. Бул каражат ат чабыш, ат үстүндө мелдештер, улуттук күрөштүн түрлөрү, күрөштүн түрлөрү, салттуу интеллектуалдык оюндар, салттуу жаа атуу, салбуурун мелдештерине бөлүнөт.
Ошондой эле көк бөрү боюнча мелдештин байге фонду 6 миллион сомду түзүп, 1-орунду ээлеген курама 3 миллион, экинчи орунду ээлеген 1 миллион 500 миң сом, 3-орун 1 миллион сомго жана 4-орунду ээлеген команда 500 миң сомго ээ болот.
Мындан тышкары мелдештин жүрүшүндө “Көк бөрү боюнча улуу оюнчу” аныкталып, ал 100 миң сомго жана "Көк бөрүнүн улуу аргымагы" дагы 100 миң сом акчалай байгеге ээ болот.
Күрөштүн түрлөрү боюнча мелдеште 1-орунду ээлегендер 70 миң сом, 2-орунду ээлегендер 35 миң сом жана 17 миң 500 сомдон 3-орунду ээлеген эки спортчуга берилет. Ал эми "Көчмөндөрдүн улуу күрөшү" мелдешинин жеңүүчүсү 1 миллион сомго туш болот.
Азыркы учурда 44 өлкөдөн спортчулар оюндарга катыша тургандыгын тастыктады. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы эсепте 594 медаль, алардын 174ү алтын, 173ү күмүш жана 247си коло медалдар ойнотулат.