Монголиянын Баян-Улгий шаарында тогуз коргоол боюнча Азия чемпиондугу старт алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына башкы машыктыруучу Нурия Султанмуратова билдирди.
Анын айтымында, мелдеш бүгүн, 26-июлда башталып 30-июлга чейин уланат. "Мелдешке Азиянын 6 өлкөсүнөн жана Орусиянын 3 субъектинен келген спортчулар катышууда. Аталган мелдеш өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында өтүп, анда Кыргыз өлкөсүнөн барган 30 спортчу күч сынашат", - дейт машыктыруучу Султанмуратова.
Эске салсак, буга чейин спортчуларыбыздын Азия чемпиондугуна катыша турганын айтып, тизмесин жарыялаганбыз.