Ош ШИИБинин мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан Ош шаарында жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү учурунда мыйзам бузуу фактысы катталганы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун 1996-жылы туулган М.А. аттуу жашоочусу өзүнүн таанышы, аталган облустун 1994-жылы туулган жаранына жардам берүү максатында жалган документтердин негизинде жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан. Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.