Коомдук ишмер Манас Саматов: "Өкмөттүн иштеген ишинин жыйынтыгы көрүнө элек"

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүнө 100 күн болот. SUPER.KG порталынын "Анын ишине кандай баа бересиз?" деген соболуна коомдук ишмер Манас Саматов жооп берди.

Ал азыркы өкмөт 3 ай ичинде коомдогу бир дагы көйгөйдү чече электигине токтолду. "Азыркы өкмөт башчынын иштеген ишинин жыйынтыгы көрүнө элек. Бизге мындай өкмөттүн кереги да жок. Иштей турган адам бир жумада эле өзүнүн программасы, сүйлөгөн сөзү, баскан-турганы менен билинет. Мындай өкмөттүн отузу келип кетти. Бул деле ошол эле, эч кандай өзгөрүү жок. Айыл чарбасы жөнүндө сөз да кылууга болбойт. Адегенде өкмөт башчы жок дегенде коомдогу көйгөйлөргө анализ жасап, ишти эмнеден баштоо тууралуу өз пикирин билдирүү керек. Мисалы, чечилбей жаткан кен байлыктар, мигранттардын көйгөйү жана башка орчундуу маселелер толтура. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин саны кыскарышы зарыл. Алакандай уруксат кагазын жазып берип, митедей болуп элдин моюнуна минип отурган мамлекеттик кызматкерлер көп. Көчөдөгү жол коопсуздук кызматкерлеринин ишмердүүлүгү жолго салына элек. Ушуга окшогон элдин нааразычылыгын туудурган иштердин бирин дагы бүтүрө алган жок”, - деди Саматов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Урматбек Самаев, Максат Сабиров, экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан