super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 29-ИЮЛЬ: Орусиянын Эл артисти, белгилүү композитор Игорь Крутой 64 жашка толду

 

Белгилүү орусиялык жана советтик композитор, Орусиянын Эл артисти (1996), Украинанын Эл артисти (2011), Орусия Федерациясынын эмгек сиңирген ишмери (1992), продюсер Игорь Крутой 64 жашка толду. Ал 1954-жылы 29-июлда Украинанын Гайворон шаарында туулган.Ал "Жаңы толкун", "Жылдын ыры", "Таңкы почта" долбоорлорунун продюсери болгон. "Фабрика звёзд-4" сынагынын музыкалык продюсери.

Композитордун жаш кези.

Игорь Крутой бала кезинде баян аспабын черткенди үйрөнүп, мектеп ансамбли менен сахнага чыгып жүргөн. Музыкалык мектепти бүткөн соң Кировограддык музыкалык окуу жайына тапшырып, 1974-жылы аны артыкчылык менен аяктаган. 1979-жылы Николаев мамлекеттик педагогикалык институтунун дирижёр-хордук бөлүмүн бүтүргөн. Ошол эле убакта ресторандарда иштеп Александр Серов менен таанышып, ага ыр жазып берчү.1981-жылы Валентина Толкунованын ансамблине алгач пианист болуп чакырылып, андан кийин ансамблдин башкаруучусу болгон. Игорь Крутойго алгачкы ийгилик 1987-жылы "Мадонна" аттуу ыры менен келген. Александр Буйнов, Валерий Леонтьев, Лайма Вайкуле баштаган бир катар атактуу ырчылар композитордун ырларын аткарып жүрүшөт. Ошондой эле белгилүү чет өлкөлүк ырчы Лара Фабиан менен кызматташып, ыр жыйнагын жаздырып берген.Жубайы жана кыздары менен.

Композитор 22 жылдан бери Ольга аттуу айым менен бирге жашап келет. Игорь Крутойдун мурунку жубайынан 1 уул, 1 кызы, учурдагы жубайынан 1 кызы бар. Ал эми Жубайы Ольга бизнес менен алектенет, ошону менен бирге жолдошунун продюсери катары кызмат кылат.

29-июлга карата жылнаама.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117840;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: