Кыргыз теннисчилери Азербайжанда өткөн эл аралык мелдеште мыкты аталышты

Кыргыз теннисчилери Азербайжанда өткөн эл аралык мелдеште жеңишке жетти. Бул тууралуу улуттук Олимпиадалык комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Азербайжандын Баку шаарында орун алган теннис боюнча эл аралык тилектештик турнири 23-июлдан 27-июлга чейин өткөрүлгөн. Аталган мелдеште 13 өлкөдөн жалпы 55 спортчу катышкан. Алардын ичинен Кыргыз өлкөсүнүн намысын теннисчилер Ксения Палкина менен Саара Кунакунова коргогон.

Жалгыздан оюн көрсөтүүдө Ксения Палкина финалга чейин жетип күмүш медалга ээ болсо, Саара Кунакунова коло медаль тагынган.

Ал эми жуп менен ойноодо эки теннисчи мыкты оюн көрсөтүп, турнирдин жеңүүчүлөрү аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
barsbegKG
2018-07-30 03:22:25
Азаматсыңар!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан