Иосиф Кобзондун абалы оорлошуп комага түштү

Орусиянын эстрада ырчысы, мамлекеттик Думанын депутаты Иосиф Кобзондун абалы оорлошуп, комага түшүп калды. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 28-июлга караган түнү Иосиф Кобзондун абалы оорлошуп комага түшүп калган. Буга чейин ал жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Ал эми 27-июлда аппараттын жардамы менен жасалма дем алдыруу жасалып баштаган.

Эске салсак, Иосиф Кобзон 2005-жылдан бери рак илдети менен жабыркап келет. 18-июнда анын ден соолугу начарлап онкологиялык борборго кайрылган. Ал бир айдан ашуун убакыттан бери химиялык терапия жолу менен дарыланып жаткан.

Маалымат үчүн:

Иосиф Кабзон 1937-жылы 11-сентябрында Украинанын Донецк облусуна караштуу Часов Яр шаарында төрөлгөн. 1959-1962-жылдары Бүткүл союздук радио түйүнүндө эмгектенген. Андан кийин мамлекеттик концерттик уюмда ырчы болуп иштеген. Иосиф Кобзонго Бүткүл союздук атактуулукту "А у нас во дворе" деген ыры алып келген. Дал ушул жылы орусиялык эстрада артисттеринин сынагынын, Польшадагы эл аралык сынактын лауреаты болгон.

1963-жылы Мамлекеттик музыкалык-педагогикалык институтта вокал боюнча билимин алса, 1974-жылы Марксизм-ленинизм университетин бүтүргөн.

1984-жылы Мамлекеттик музыкалык-педагогикалык институтта эстрадалык вокал боюнча сабак бере баштаган. 1993-жылы профессор болгон.

Ал эми 1973-жылы Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын мүчөсү, 1989-жылдын май айынан 1991-жылдын сентябрына чейин СССРдин Эл депутаты жана "Союз" депутаттык тобунун мүчөсү болгон.

1997-жылы Мамлекеттик Думанын депутаты болгон. 1999-жылдан тартып депутаттык топтун, партиянын мүчөсү катары Мамлекеттик Думанын II-VII чакырылыштарындагы депутаты.

2015-жылы Донецк Эл Республикасынын Эмгектин Баатыры, 2016-жылы Орусия Федерациясынын Эмгектин Баатыры деген жогорку сыйлыктарга ээ болгон.

Иосиф Кобзон учурда 80 жашта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан