Бишкек шаардык соту экс-мэр Албек Ибраимовду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды

Бүгүн, 30-июлда Бишкек шаардык соту мурдагы мэр Албек Ибраимовду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

19-июлда Биринчи Май райондук соту Ибраимовду тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алган. Анын жактоочулары баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүп шаардык сотко кайрылган.

Эске салсак, Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга, тагыраагы, 29-августка чейин камакта калтырган.

13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, токтомду премьер-министрге жөнөтүшкөн. Премьер-министр тийиштүү токтомго кол койгон.


кошулду
Шаардык сот мурдагы мэр Албек Ибраимовду 29-августка чейин абакта калтырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mirlan27011987
2018-07-30 11:52:51
Эми Бишкекти Жээнбековдун уурулары тоношот. Ошон учун Албекти камаптып салса керек, озумдун ууруларым эле жетишет деп. Раимге окшогондор журушпойбу сурака чакырылбай эле.
0
Miroslav
2018-07-30 13:38:08
Жазасын алсын отурса экен,30 35 жыл.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан