Чүй облусунун Кемин районунда 29 жаштагы тургунду камчы менен сабап, андан соң аны зордуктаган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 27-июлдан 28-июлга караган түнү орун алган.
"28-июлда Чүй облустук ички иштер бөлүмүнө 1989-жылы туулган С.Б. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда белгисиз жаран 27-июлдан 28ине караган түнү саат 2:30дар чамасында анын үйүнө кирип келип, камчы менен сабап, зордуктап салган. Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында шектүү катары 1995-жылы туулган Д.А. аттуу жаран кармалган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланып жатат", - дейт маалымат кызматы.