super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 31-ИЮЛЬ: 3 жолу "өлүп", 3 жолу "тирилген" "Поле чудес" берүүсүнүн алып баруучусу Леонид Якубович 73 жашка толду

 

Бүгүн атагы алыска тараган "Поле чудес" телеберүүсүнүн алып баруучусу катары маалым болгон Якубович Леонид Аркадьевич 73 жашка толду. Ал 1945-жылы 31-июлда Москва шаарында туулган. Анын атасы инженер, апасы врач-гинеколог болгон. Өзү дагы телевидениеге эч жакындабаган инженер-куруучунун окуусун бүтүргөн.

Студенттик кезинде институттун КВН командасында алдыңкы оюнчулардын бири болуп саналган. 1980-жылдардан тартып сулуулук сынактарын, ири кечелерди, чоң аукциондорду, музыкалык фестивалдарды алып барган. 1991-жылы КМШ өлкөлөрүндө популярдуулугу арткан "Поле чудес" берүүсүнө алып баруучу болуу үчүн тандоо туруна катышып, андан ийгиликтүү өтүп кеткен. Ошондон тарта азыркы убакка чейин аталган берүүнү алып барып келет.

Леонид Аркадьевич 2002-жылы Орусия Федерациясынын Эл артисти деген наамына ээ болгон. Ал эми 2004-жылы Орусиянын "Единая Россия" партиясына мүчө болуп кирген.

Хоббиси – даамдуу тамактарды жасоо жана маалымдама китептерин чогултуу. Якубович бир гана алып баруучулук менен алектенбестен, бир нече тасмаларга да тартылган. Алардын катарына "Менин кыялымдагы чоң ата", "Маскаропоздорду өлтүрбөйт", "Одессадагы 3 күн" жана башкалар кирет.

Убагында артынан бир нече сулууну чуркатып, сүймөнчүк мырзалардын катарын толуктаган алып баруучу 3 жолу үйлөнгөн. Биринчи жубайы Раиса Довженко, экинчиси Галина Антонова. Галина Антонова менен 1973-жылы Артём деген уулдуу болушкан.

Үй-бүлөсү менен

Кийин аны менен эки ажырым жолго түшкөн соң, Мария аттуу айым менен түтүн булатып баштаган. Учурда экөөнүн ортосунда 1998-жылы туулган Варвара аттуу кызы бар. Учурдагы үй-бүлөсү 2001-жылдын 19-августунда унаа айдап баратып Кыргыз жеринен Орусияга иштөө үчүн барган мигрант Сергей Никитенкону сүзүп кеткен. Жыйынтыгында Сергей ошол жерден каза болуп, жол чыракты карабастан жолдон өткөнү үчүн жөө жүргүнчү өзү күнөөлүү деп табылган.

Алып баруучу инфаркт менен жабыркагандыктан, ушул кезге чейин аны интернет колдонуучулар менен айрым массалык маалымат каражаттары бир нече ирет "өлтүрүшкөн". Тактап айтканда, "Леонид Якубович инфаркттан каза болду" деген жалган маалыматтар коомчулукту көп ирет дүрбөлөңгө салган. Бул тууралуу шоумен өзү тамаша иретинде пикир калтырган. "Мен ушу менен 3 жолу өлүп, 3 жолу тирилдим. Бирок инфаркттан каза болду деген маалыматты окуп, жок дегенде диагнозумду туура жазышыптыр деп сүйүнүп калдым. Эгер геморройдон каза тааптыр деп жазса өкүнүчтүү болмок", - деген ал.

31-июлдун жылнаамасы.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(1)
31.07.2018. 13:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
464
Катталган:
05-05-2018
Соӊку аракети:
21-09-2018 00:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Уч-Коргон
+8
Поле Чудести ушул адам учун эле корчу элем,аябай кулдурот го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114449;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: