Беларусь өлкөсү мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөновго чара көрүү боюнча өтүнүчтөн баш тартууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан 30-июлда кабарлашты. Маалым болгондой, башкы көзөмөл органы 2017-жылдын 14-декабрында Беларусь өлкөсүнүн Башкы прокуратурасына кат менен кайрылып, аты-жөнүн Даниил Урицкий деп өзгөртүп алган Данияр Үсөновду издеп, кармап чара көрүүнү өтүнгөн. Бирок Беларусь өлкөсү КМШ өлкөлөрүнүн укуктук жардам жана жарандык мамилелер боюнча конвенциясынын 21-беренесине таянып, өтүнүчтү аткаруудан 2018-жылдын 6-мартында баш тарткан.
"Беларусь тараптын мындай жообуна карабай 2018-жылдын март айында Башкы прокуратура Данияр Үсөновду соттук чечимдерге байланыштуу Кыргыз мамлекетине өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Учурда Беларусь тарап Данияр Үсөновду өткөрүп берүүдөн баш тартканына карабай өткөрүп алуу аракети улантылат", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.
Эске салсак, 27-июль күнү Беларустун жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы премьер-министри, издөөдө жүргөн Данияр Үсөнов тууралуу маалымат жана анын сүрөтүн жарыялаган. Анын учурда "Беларусь улуттук биотехнология корпорациясы" ЖАКсын жетектей тургандыгы, өзүн Даниил Урицкий деп тааныштыргандыгы интернет колдонуучулары тарабынан кызуу талкууланууда.