super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 31-ИЮЛЬ: 14 жыл мурун коомдук саясий ишмер Абсамат Масалиев каза болгон

 

2004-жылы 31-июлда коомдук саясий ишмер, Кыргыз ССРинин Борбордук комитетинин 1-катчысы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Абсамат Масалиев жүрөк оорусунан улам 71 жашында дүйнөдөн кайткан. Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз коммунисттер партиясынын жетекчиси Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде азыркы Баткен облусунун Кадамжай районуна (мурдагы Ош облусунун Фрунзе району) караштуу Алыш кыштагында туулган. Абсамат Масалиев 1953-жылы Кызыл-Кыя тоо-кен техникумун, 3 жылдан соң Москвадагы Тоо-кен институтун, кийин эки жылдык Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. Тоо-кен инженери болуп иштеп, кийинчерээк коммунисттик партиянын жооптуу кызматына өткөн.

"Кыргызкөмүр" трестинин участогунда жетекчинин жардамчысы, шахтанын башкы инженеринин орун басары, тресттин башкы инженеринин жардамчысынан баштап, Кыргыз коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин (БК) өнөр жай жана транспорт бөлүм башчысынын орун басары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы кызматына чейин бир топ мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеген.

1985-жылдан тартып Кыргыз коммунисттик партиясын жетектеген Абсамат Масалиев 1930-жылдарда жазыксыз куугунтукталып, жөн жерден атылып кеткен көптөгөн мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин кайра акталышы үчүн чоң салым кошкон. СССР Жогорку Советинин үч, Кыргыз ССР Жогорку Советинин беш жолку чакырылыштарынын депутаты болгон. Октябрь революциясы, 2 Эмгек Кызыл-Туу, "Манас" II ордендери жана медалдар менен сыйланган. Ал 1995-жылдан тартып Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

31-июлга карата жылнаама.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114370;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: