super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 31-ИЮЛЬ: Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бакир Таиров 52 жашка толду

 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бакир Таиров 1966-жылы 31-июлда туулган. 1999-жылы Самарканд кооперативдик институтун бүтүргөн. 2011-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун аяктаган.

1984-1986-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1996-1997-жылдары Ош шаарындагы Төлөйкөн аймактык милициясында өспүрүмдөр менен иштөө боюнча аймактык инспектор;
1997-1999-жылдары Ноокат райондук милиция бөлүмүндө экономикалык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүндө опер кызматкер;
1999-2000-жылдары ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Жалал-Абад жана Ош облусу боюнча аймактар аралык башкармалыгында экономикалык жана коррупциялык кылмыштар боюнча опер кызматкери;
2000-2001-жылдары ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматында опер кызматкер;
2001-жылы ИИМдин түштүк аймагы боюнча Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын Жалал-Абад облусу боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматында опер кызматкер;
2001-2002-жылдары Ош шаардык ички иштер башкармалыгында Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүндө опер кызматкер;
2002-2003-жылдары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Коомчулук менен байланыш бөлүмүндө опер кызматкер;
2003-жылы Ош шаардык ички иштер башкармалыгында Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүндө ага опер кызматкер;
2003-2004-жылдары Ош шаардык ички иштер башкармалыгында Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүндө өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага опер кызматкери;
2004-2006-жылдары ИИМдин алдындагы күч түзүмдөрүндөгү жана укук коргоо, фискалдык органдардагы кызматтык кылмыштар боюнча опер кызматкери;
2006-жылы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында Мамлекеттик кызматтардагы кылмыштар менен күрөшүү, кылмыштуу жол менен келген кирешелерди ачыктоо боюнча опер кызматкери;
2006-2007-жылдары Финансы полициясынын Ош шаарындагы бөлүмүндө өзгөчө маанилүү иштер боюнча опер кызматкери;
2007-жылы Бишкек шаардык Финансы полициясынын салык жана финансы боюнча мыйзам бузуулар жана салык, финансы органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы;
2007-2008-жылдары Өкмөттүн алдындагы Финансы полициясынын Мамлекеттик органдардагы экономикалык жана кызматтык кылмыштар, коррупция менен күрөшүү башкармалыгынын кызматтык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы;
2008-2010-жылдары Каржы полициясы кызматынын Түштүктөгү аймактар аралык башкармалыгынын башчысы;
2011-жылы ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгынын Банк жана финансы тармагын коргоо бөлүмүндө опер кызматкер;
2011-2012-жылдары ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад, Баткен облусу жана Ош шаары боюнча бөлүмүнүн башчысы;
2013-жылы ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгында Уюшкан кылмыштуу топторду мыйзамсыз каржылоого бөгөт коюу боюнча бөлүм башчы;
2013-2017-жылдары ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуу топторду мыйзамсыз каржылоого бөгөт коюу башкармалыгынын башчысы;
2017-жылы ИИМдин уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз кирешелерине бөгөт коюу боюнча Үчүнчү башкармалыктын башчысы;
2017-2018-жылдары ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары;
2018-жылы ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын башчысы;
2018-жылдын 28-апрелинен тартып Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы.
31-июлга карата жылнаама.


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117460;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: