Алмазбек Атамбаев: “Кээде оор учурларда окуучулар жана студенттер менен жолуксам жеңилдеп калам"

Бүгүн, 28-июнда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында алтын сертификаттарга ээ болгон бүтүрүүчүлөрдү жана президенттик стипендияга ээ болгон студенттерди сыйлоо аземи болууда. Президент Алмазбек Атамбаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, өлкө жетекчиси катары иштеп жатканына 1,5 жыл 28 күн болгонун айтты. “Кээде оор учурларда жаштар, окуучулар жана студенттер менен жолуксам мен жеңилдеп калам. Бүгүн силердин жакшылыгыңыздарга күбө болуп толкунданып жатам. Өлкөнүн келечеги силердин колуңарда. Сынак тапшырып чоң электен өттүңөр, баарыңар татыктуусуңар, силердей жаштар барда Кыргызстандын келечеги бар”,- деди өлкө башчы.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан