super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 1-АВГУСТ: "The Beatles" тобунун солисти Пол Маккартнинин аткаруусундагы "Yesterday" ырынын жарыкка чыкканына 53 жыл болду

 

Көпчүлүк сүйүп уккан, жарыкка чыкканына бир топ жыл болсо да өз угармандарын жогото элек "The Beatles" тобунун солисти Пол Маккартнинин аткаруусундагы “Yesterday” чыгармасынын жаралганына 53 жыл болду.

Ыр 1965-жылы 1-августта топтун “Help” (“Жардамга!”) аталышындагы альбомунда жарык көргөн. Ал топтун тарыхындагы Маккартниден башка бир да солист катышпай аткарылган алгачкы чыгарма. Автордун айтымында, ал ырдын музыкасын түшүндө угуп, ойгонор замат музыканы нотага түшүргөн. Ал эми сөзүн Португалияда эс алып жүргөн кезинде жазган.Ыр Маккартнинин өзүнө жакканы менен топтун мүчөлөрү чыгарманы жаңы альбомго кошпой эле коюуну өтүнүшкөн. Себеби “Yesterday” топтун имиджине туура келчү эмес. Бирок чыгарма альбомдун ичине кирген жана топко атактуулуктун туу чокусун алып келген.

Пол Маккартнинин жаш кези.

Чыгарма жарыкка чыгар замат көпчүлүктүн купулуна толуп АКШ, Канада, Жаңы Зеландия жана башка бир топ өлкөлөрдүн хит-параддарында алгачкы орундарды ээлеп, 1999-жылга чейин 7 миллиондон ашуун жолу көрсөтүлгөн. Ушул эле жылы “Би-би-си” радиостанциясы жүргүзгөн сурамжылоо боюнча эң көп угулган чыгарма аталып, “ХХ кылымдын мыкты ыры” деп табылган.

Ошондой эле 1965-1973-жылдар аралыгында чыккан дүйнөлүк чыгармаларга караганда бир топко көп, тактап айтканда, 1186 кавер (ред: автордун эмес, башка бирөөнүн аткаруусунда ырдалган ыр) жазылгандыктан "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.

1-августтун жылнаамасы.



Пол Маккартни "Yesterday"

 
 Кыстарылган аудио 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117643;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: