Бишкек шаарындагы №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда мурдагы директор менен иштеген кызматкерлердин ортосунда түшүнбөстүктөр пайда болду

Бүгүн, 1-августта Бишкек шаардык №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 2011-2016-жылдары иштеген директор Муратбек Жумабековдун бүгүн кайрадан кызматка келишине каршы болгон дарыгерлердин ортосунда өз ара пикир келишпестиктер орун алды.

Ооруканада бүгүн эмне себептен дарыгерлер эки топко бөлүнүп, ызы-чуу түшүп жатканын Гүлжан Даниярова төмөнкүчө түшүндүрүп берди.

"Бизге 5 жылдан бери директор болуп иштеген Муратбек Жумабековдун бүгүн кайра ооруканага директор болуп келишине биздин кызматкерлер каршы. Себеби ал иштеген 2011-2016-жылдар убагында оорукананын эң күчтүү врачтары жөн жерден гана жумуштан алган. Жумушка эч кандай кесиби жок жөнөкөй адамдар келип иштеп баштаган. Бул жакта эмгек кодекси бузулуп, көп коррупциялык иштер болгон. 2016-жылы январь айында директор Муратбек Жумабеков ооруканада туулган күнүн белгилеген. Бул жакта кадимкидей казан асылып, кой союлуп биздин кызматкерлер кызмат кылышкан. Анын мас болуп, фойеде кыздарды бийлеткенин конок болуп келген адамдардан бирөө тартып алып, ызы-чуу болуп жумуштан кеткен эле.

Биздин оорукана аталган директор иштеген жылдар аралыгында каражат убагында төлөнбөй социалдык фондго 2 миллион 851 миң сом, салык кызматына 3 миллион 8 миң сом карыз болуп калган. Андан тышкары бул адамга карата келип түшкөн арыздар боюнча келген комиссияга оорукананын ички бюджетинен 2 миң сом которуп бергени да ачыкталды. Анан кайра мындай кызматкердин жумушка келип жатышы бардык кызматкерди ойлондурат да. Бизге так иштеген жана оорукананын абалын ойлогон адам келиши керек", - деди дарыгер Гүлжан Даниярова.

Ал эми мурдагы директор Муратбек Жумабеков бул келтирилген айыптар жалган экенин айтып, жумуштан кетүүсүн мындайча түшүндүрдү.

"Мен кызматтан кетишим боюнча Жогорку Соттон утуп чыктым. Алардын чечиминде эгер утуп чыксам, кызматыма кайра келип иштей бере турганым каралган. Ошондуктан бүгүн мен жумушка келгем. Бирок бул жактагы кызматкерлер ич ара сүйлөшүп алышкандыктан, менин жумушка келүүм ушундай ызы-чуу менен башталды. Туулган күнүмдү өткөрүп, майрам кылсам, ар бир бөлмөгө орнотулган камералар тартып, териштирүү иштери жүрөт эле го. Ал эми салык, социалдык фондго акча төлөнбөй калды деген туура эмес. Себеби биз бир айда миллиондон ашык акчаны ар кандай кызматтарга төлөйбүз. Мен жумуштан кеткен соң, алар төлөнбөй калса деле мага шылтаган болбойт да. Ошол мага коюлган айыптар иликтенип чыгышы үчүн эми мен кайра Биринчи Май райондук сотуна кайрылам. Ал эми калганы боюнча чечимди сот чыгарат. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлигинен келген өкүл мага карата келтирилген айыптар үчүн бүгүн кайра жумуштан кетирди. Калган ишти эми сот менен эсептешүүгө туура болот", - деди ал.

Оорукананын кызматкерлери эгер бул маселе убагында тийиштүү каралбаса, иш таштоого барышарын, Саламаттыкты сактоо министрлигине бул окуя боюнча кабарлап, бирок бир учурда ал тараптан эч ким үн катта электигин билдирдишти.


кошулду
№1 үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкери: "Жетекчибиз миллиондоп жеген"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
momun74
2018-08-01 17:14:03
Ужас мени дарегим бойунча ушул торот уйуно жиберишип жатышат мурун ушул торотканада коз жаргандар шарты жок врачтар жакшы карашпайт дешип атат мен озумдун жана жакында торолчу наристебиздин омурун тобокелге салып 1чи торот уйуно бара албайм башка торот уйу албай жатат...
-5
make2
2018-08-01 19:38:41
momun74. 1-төрөт кана менен 1-үй бүлөлүк оорукана экоо эки башка
+7
momun74
2018-08-01 21:20:07
Ошо адаштырып алыпмын
-6
madina.87
2018-08-02 08:11:32
Медиктердин айлыгын аз төлөп, ХХХ ХХХ .Журналисттердин суроолоруна да так жооп бере албай буйтап өтүптүр.Ушулардын айынан менда мигрант болдум.Эртеден кечке иштейсиң,айлыгын 4300 сом.ага буга деп кармай беришет.
+3
admin_media
2018-08-02 10:04:58
madina.87, кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт. Билдирүү түзөтүлдү!
0
madina.87
2018-08-02 08:11:56
Жарылып кетсе экен, курсагы
+3
Chagylgan1
2018-08-02 09:20:13
Соке менен АШАнын доорунда коррупционерлер копту да... Кытайда болгондо бул кишини камап салмак же атууга кетмек.

Бизде соттор бул кишиге кылмыш ишин козгоонун ордуна кайра ордуна барып иштей бер эч нерсе болбогонсуп дептир, пара берсе...

Мына Сокенин заманындагы адилетсиздик деген ушул...

ХХХ ХХХ ХХХХ
+5
admin_media
2018-08-02 10:06:37
Chagylgan1, провокациялык нуктагы билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган!
-2
Nevestkaa
2018-08-02 09:25:23
ХХХ ХХХ ХХХ больницага вообще жолотпош керек.
0
admin_media
2018-08-02 10:08:38
Nevestkaa, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган.
0
admin_media
2018-08-02 14:28:35
Nevestkaa, порталдын эрежелерин сактоону сунуштайбыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан