super.kg logo

Түштүк Эңилчекте кырсыкка кабылган тик учак дале мөңгүдөн түшүрүлө элек

 

20 күн мурун Түштүк Эңилчекте кырсыкка кабылган тик учак дале мөңгүдөн түшүрүлө элек. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева 1-августта кабарлады. Анын айтымында, тик учак кырсыгы боюнча түзүлгөн комиссия өз ишин жыйынтыктай элек.

"Аскер прокуратурасы менен Башкы штабдын кызмат адамдарынан турган комиссия түзүлүп, кырсыктын келип чыгышы боюнча жагдайды териштирип баштаган. Комиссия азырынча жыйынтык чыгара элек болгондуктан эч нерсе кыла албайбыз, учак эмне болуп кулаганы да азырынча белгисиз. Тик учак кулаган жеринде жатат", - деди Жарашева.

Басма сөз катчы Башкы штабдын аскердик машыгууларды өткөрүүгө жана куткаруу иштерин аткарууга дагы башка тик учактары бар экендигин кошумчалады. "Тик учактар бар. Азыр аскердик машыгуулар жана башка пландарыбыз өз нугунда уланып жатат. Бирок так санын айта албайм", - деди Жарашева.

Ал эми буга чейин Аскер прокуратурасы тарабынан кырсык боюнча кылмыш иши козголгону кабарланган.

Эске салсак, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учагы 9-июль күнү эртең менен Хан-Теңири чокусуна жакын жердеги Түштүк Эңилчек мөңгүсү тарапка кулап түшүп, ичиндеги төрт адам жаракат алгандыгы айтылган. Үчөө аскер кызматкерлери болсо, бирөө котормочу болгон. Алар Хан-Теңири чокусундагы чет өлкөлүк альпинисттерге тамак-аш, дары каражаттарын жеткирүүгө бара жатышкан.

Андан кийин аларды куткарып келүү үчүн дагы бир тик учак жиберилип, жалпы 6 адам Бишкекке алынып келип, дарыгерлерге өткөрүп берилген. Алардын ичинен япониялык жарандын абалы оор болгондуктан Бишкектеги №4-ооруканада операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.




 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
01.08.2018. 16:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1164
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
17-09-2018 17:57
Жынысы:
Белгисиз
0
Кышка калтырбай алып келгиле эми, запчасттарын башка учактарга иштетесинер
01.08.2018. 22:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
23-06-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 02:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+2
Кузовщиктерге алып барсанар ондоп койот учпасада жерде жүрө турган кылып
01.08.2018. 23:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
581
Катталган:
04-09-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 17:26
Жынысы:
Белгисиз
+1
boris8907,Служебный машина кылып аласыңар дейсиңби
02.08.2018. 01:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
16-08-2011
Соӊку аракети:
18-09-2018 23:21
Жынысы:
Белгисиз
+1
Так санын айта албайм деп -жон эле да тик учак жок калды деп эле айтпайбы болгону бизде 2 эле болчу да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114277;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: