super.kg logo

Жол кире төлөбөгөндүгү үчүн өспүрүмдү сабады делген троллейбустун айдоочусу убактылуу жумуштан бошотулду

 

Социалдык тармакта "13 жаштагы баланы троллейбустун айдоочусу сабап салган" деген маалымат кызуу талкуу жаратууда. Айрымдар айдоочунун жоругун сынга алып туура эмес десе, айрымдары өспүрүм балдар айдоочунун кыжырын кайнаткан учурлар көп болорун айтып, эки жээкке бөлүнүүдө. Бул окуя боюнча алгач баланын апасына байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Окуя 31-июль күнү болгон. Уулум Илгиз ооруканага баруу үчүн үйдөн саат 14:10дор чамасында чыгып кеткен. Ал Москва-Калык Акиев көчөлөрүнүн кеслишиндеги аялдамадан №8-троллейбуска отурат. Бирок акчасын унутуп койгонун эстегенде троллейбус жүрүп кеткен. Илгиз айдоочуга акчасын үйгө унутуп калганын айтып, кийинки аялдамадан түшүп баратканда айдоочу анын аркасынан барып ур-токмокко алып, оозго алгыс сөздөрдү айткан. Илгизди аябай күч менен түрткүлөп ургандыктан балам мекеменин тосмосуна көкүрөгү менен кептелип калган. Балам ары-бери өткөндөрдөн жардам сураганда жолдун аркы четинен өтүп бара жаткан адам жардамга келген. Аны көргөн айдоочу акырын басып кетиптир. Окуянын күбөсү дарыгер экен. Ал уулумдун катуу чочуп калганын, денесинен жаракат алганын айтты. Ал эми окуянын күбөлөрүнүн бири ырчы Ома уулума "такси менен үйүңө жетип ал" деп акча бериптир. Бул окуядан кийин биз Ленин РИИБине арыз менен кайрылдык. Соттук-медициналык экспертиза дагы дайындадык. Айдоочу бизден кечирим сурагандын ордуна "уулуңар троллейбустан түшүп баартып чалынып, жыгылып кеткен, мен жардам берейин деп аркасынан түшкөм" деп жатат", - дейт Илгиздин апасы.

Ал эми Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгынын жетекчиси Артур Өмүрзаков айдоочу убактылуу жумуштан алынганын билдирди.

"Биринчиден, 13 жаштагы баланы коомдук транспорттун айдоочусу сабаган эмес. Троллейбус аялдамага токтогондо бала арткы эшиктердин биринен чыгып кетиптир. Ошондо айдоочу "мындай кылбай жүр, акчаң жок экенин айтсаң түшүнөм" деп айтуу үчүн аркасынан түшкөндө бала коркуп кетип качканга аракет кылыптыр. Чуркап баратып жыгылып кеткен. Экинчиден, №8-троллейбустун айдоочусу тергөө иштери аяктаганга чейин убактылуу жумуштан бошотулду. Эгерде тергөө иштери айдоочунун баланы сабаганын аныктап берсе, ага карата тиешелүү чара колдонобуз", - дейт Өмүрзаков.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(6)
01.08.2018. 20:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
586
Катталган:
07-03-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 21:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кадамжай
+7
Сабаганга окшобоптурго, эч жери когорбоптур.
Чын эле жыгылып кеткен окшойт.
01.08.2018. 20:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
17-07-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 20:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кучагы толгон ооматка, Кош келиниздер Ноокатка!
+5
Шаарда оскон анча-мынча копкон чаласпортиктер бар ошолор озунчо эле катышат 3 сом толобой жесе жептирда
02.08.2018. 00:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
893
Катталган:
16-08-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 11:02
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жыгылган бала уялбайсынарбы?Кееде бала ата энеден коркуп урду деши мумкун акчасын интернетке кетирип койуп
02.08.2018. 07:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 22:05
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уят эле жон эле шылтоо акчасын унутуп калдым деп
02.08.2018. 22:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
264
Катталган:
06-03-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 22:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бала таяк жеген балага окшобойт. Оозундагы жара мурун эле бардай ооз жара же учук чыккан окшойт. Анан кийимдеринин айрыктары деле эскидей эле көрүнөт. Кыскасы жаладоо окшойт.
03.08.2018. 00:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
03-02-2014
Соӊку аракети:
25-09-2018 19:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош Бишкек
0
Урбаса да кээ бир айдоочулар балдарга жаман мамиле кылышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114638;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: